Menu

Мырзалардын экинчи кымбат буюму анын кол сааты

Бөлүшүү:

Саат чыгаруу боюнча дүйнөдө Шеейцария менен Японияга эч ким жете албас. Швейцариялык “Tissot”, “Арреlla”, “Longines”, «Сһораrd” жана “РаtеkРhіlipре” фармалары дүйнө жүзү боюнча алдына эч кимди чыгарбай келишет. Андан кем калышпаган Япония “Сitizen”, “Оrіеnt”, “Sеіkо” фирмалары менен сапаттуу сааттарды чыгарып келет. Бирок, ага карабай Швейцария дүйнөдөгү эң сапаттуу, элиталык сааттардын 95 пайызын чыгарат. Бир жылда 25 миллион даана саат экспорттоо менен жылына 9 миллиард доллар каражат табат.

Кол саат биринчи жолу XIX кылымдарда Англияда мырзаларга арналып жасалган. Саатты кайыштан жасап колго тагынуу согуш учурунда ыңгайлуу болгон. Ошондой эле мырзалардын статусун колундагы сааты аркылуу аныктап келишет. Дегеле мырзаларынын байлыгын колундагы саатынан билсе болобу? Деген суроо менен кыргыздын белгилүү мырзаларынын кол сааты жана анын баасын билдик.

Дастан Жумабеков, ЖК депутаты:

– Мен төрт жылдан бери Щвейцариянын “Тіssot” фирмасынын саатын тагынып жүрөм. Баасы болжол менен 20 миң сомдун айланасында болсо керек.

Төрөбай Зулпукаров, ЖК депутаты:

– Досторум, инилерим белек кылган 5-6 кол саатым бар. Аларды алмаштырып тагынып турам. Азыркы тагынып жүргөн саатым «РаtеkРhіlipре” деген белгилүү фирмадан чыгарылган саат. Баасы болжол менен 40-50 миң сом болсо керек.

Темир Сариев, мурунку өкмөт башчы:

– Менин эки саатым бар, саатты ар дайым сол колума тагынам. Бири Щвейцариянын саат чыгарган “Longines” фирмасыныкы болсо, бири дагы ошол эле өлкөнүн «Моntblаnс» фирмасыныкы. Туура көрсөңүздөр, сааттарымдын баасын айтпай эле койсом.

Рустам Маманов, экс-депутат:

– Щвейцариянын  “Ulуssе Nаrdіn” фирмасынын саатын тагынын жүрөм. Муну досторум туулган күнүмдө белек кылышкан. Баасы болжол менен 25 миң доллар болсо керек. Бул саатты белекке алганга чейин өзүм сатып алган “РаtеkРhіlipре”  фирмасынын саатын тагынып жүрчүмүн. Ал сааттын баасы так эсимде жок, болжол менен 50 миң доллардын тегерегиндеги баада болчу.

Аскар Салымбеков, мурунку депутат:

– Бир топтон бери Щвейцариянын “РаtеkРhіlipре” фирмасынын саатын тагынып келем. Бул фирма Щвейцариядагы саат чыгаруучу эски фирмалардын бири болуп эсептелинет эмеспи. Баасы канча сом экендигин айтпасам деле аталган фирманын чыгарган сааты кандай баада тураарын көпчүлүк жакшы билет. Эгерде мен биздин эле базарлардагы арзан сааттардан деле тагынып алсам айрымдар «Салымбеков жөнөкөй саат тагынбай калсын, тагынып жүргөн сааты баланча миң долларлык болуш керек» деп сөз кылаары турган иш.

Карганбек Самаков, экс-депутат:

– Эми менде кол сааттын түрү бар. Өзүм качан саат сатып алганым эсимде жок, көбү эле достор, жакын санаалаштар белек кылгандар. Арасында алтын сааты да бар дегендей. Алтынын тагынбайм деле, ал эми калгандарын алмаштырып тагынып турам. Булардын ичинен эң баалуусу катары «Манас Ата» жана «Улуу Саякбай» деген сааттарымды айтсам болот. “Манас” эпосун Юнеского каттатып келгенде патриот жигиттерибиз жогорудагы аталган сааттарды атайын буйрук менен жасатышып, мага белек кылышкан эле. Саат боюнча сурасаңыз, дагы бир окуя эсиме түшүп кетти. 2014-жылы манасчы Саякбай атабыздын 120 жылдыгына барганда туулуп-өскөн Ак-Өлөң айылына манасчы атабыздын музей комплексин куруу үчүн алгачкы «капсуласын” салбадыкпы. Ошондо күрөк менен шагыл сузганда жеңим түрүлүп саатым күнгө жарк-журк этип калды. Бери жакта тургандар, «алтын саат экен» деп күбүр-шыбыр болуп калышты эле. «Саякбай атабыз алтын сааттан да бийик турат» деп туруп саатты чечип «капсулага» кошо салып койдум. Чындыгында ал саат баалуу эле саат болчу, бирок алтын эмес эле…

Венера Наркеева

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: