Сирия президенти Башар Асаддын аскерлери «Ислам мамлекети» террордук тобунун Хомс провинциясындагы акыркы таянычын ээлеп алышты.
Байыркы Пальмиранын түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан Ал-Сухна шаары 2015-жылдан бери жихадчылардын курчоосунда кармалып турган Дейр-Эззор шаарына барчу жолдогу жоочулардын акыркы таянычы болуп турган.
Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктарына мониторинг жүргүзүү борбору өкмөттүк күчтөр шаарды Орусия авиациясынын колдоосу менен 5-августта ээлегенин билдирди.
SANA мамлекеттик маалымат агенттиги Сириянын өкмөттүк армиясы шаарды үч тарабынан курчоого алганын кабарлады. Асаддын күчтөрү өлкө борбору Дамаскты Евфрат аймагындагы Дейр-Эззор жана башка шаарлардан бөлүп турган чөлдүү чоң аянтты кайтарып алуу үчүн Орусиянын колдоосу менен май айында ири согуштук кампания баштаган. АКШ тараптан колдоого алынып жаткан Сириянын демократиялык оппозициясы болсо өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атаган топтун борбору эсептелген Ракка шаарынын жарымынан көп аянтын көзөмөлдөп турат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ