Бүгүн, 20-декабрда КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова Ооганстандын Памиринен Нарын облусуна жаңы эле көчүп келип отурукташа башташкан кыргыздардан кабар алды. Бул тууралу аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымат таратты.
Лунара Мамытова көчүп келгендердин жашоо шарттары менен таанышып, ар бир үй бүлө менен маектешти. Социалдык өнүгүү боюнча Нарын райондук башкармалыктын начальниги Максатбек Сейдилдаевдин билдирүүсүнө караганда аларга мамлекеттик каражаттын эсебинен 11 миң сомдук азык-түлүк жардам катары берилген.
“Көчүп келгендерди паспорт жана туулгандыгы тууралу документтер менен камсыз кылуу боюнча аракеттер көрүлүүдө. Аларга кандай жөлөк пул алууга боло тургандыгын да түшүндүрүп жатабыз”, – деди Сайдилдаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ