Menu

Дастан атасы Садыр Жапаровго: “Чөөлөр өтө көп, сен жалгызсың…”

Бөлүшүү:

Абакта отурган мурдагы депутат Садыр Жапаровдун улуу баласы Дастан Садыр уулу 22-августта авто кырсыка кабылып, каза болду. Интернетте Дастандын акыркы сөздөрү жарыяланды, үзүндү келтиребиз: “Ата, мен сени аябай сагынып, күттүм. Жытыңды ушунчалык сагындым эле, баягы бала кездегидей эркелеп мойнуңдан кыса жыттап алганымда… Ал жытты бир эле сенден, анан чоң атамдан сезчүмүн. Чоң атам тирүү кезде эш болуп турчу да. Чоң атамды кучактап, жыттап-жыттап сага болгон кусалыгым басаңдачу. Чоң атам менен чоң энем, анан мен сенин акталышыңды өзгөчө чыдамсыздыкта күтүп жаттык. Үчөөбүз кээде чогулуп, эч кимге көрүнбөй кучакташа ыйлачубуз.

Акыркы кездеги сага болгон кордуктарга өзөгүбүз өрттөнүп, сабырыбыз түгөп жатты. Чоң атам менен энем сен абакка жаткан күндөн баштап жашоонун ак карасын айырмалай албай калышкан. Чынында чарчап кеттим.

Чоң атам каза болгондон кийин үмүт менен жашадым, сени келет деп. Сенин ишиңде эч жылыш болбоду, сотуң тескерисинче өттү. Акыркы кезде уктагандан безилдеп калдым. Чоң атам экөөң түшүмө көп кирип. Чоң атам менен энем да күтүүдөн чарчап, чындык издеп, о дүйнөгө кетип калышты. Көп кыялданаар элем, сен батыраак акталып чыкканыңда баягы бала кездеги экөөбүз ойногон футбол аянтачасына барууну. Футболду мыкты ойнойчусуң. Анан дагы саясатты токтотчу деп айткым келип жүрчү. Аттиң акыркы жолу жолукканымда ушул сөздү айтканы барган элем. Бирок көздөрүң баягыдай айтканынан кайтпаганын көрүп, унчукпадым. Кайратыңдан кайтпай, эл үчүн деген көк беттигиңден тайбапсын. Чөөлөр өтө көп, сен жалгызсың.

Менин да сабырым түгөп, чоң атамдын жанына кетким келди. Чын дүйнөгө келүүм да оңой кечпеди. Ата-бала тагдырыбыз опокшош экен. Баягында тамагыңа миз сайылып, канжалаганың эсиңдеби??? Мен да так ошентип, эт жүрөгүм тилинип, кабыргам өпкөмө сайылып, сөөктөрүм пырчаланып араааааң жеттим бул жакка…

Ыйлаба ата, сен күчтүүсүн. Мен коопсуз жайга, чын дүйнөгө кеттим. Сенин азаттыгың үчүн менин жаным керек болсо бердим. Акталаар күнүңө аз калды, ал күндү көрүү мага кылым сезилди”.

Бүгүн Дастан Садыр уулунун жерге берүү зыйнаты Түп районунун Кең Суу айылында болот. Садыр Жапаровго бийлик уулун акыркы сапарга узатууга уруксат берди.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: