Menu

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун кызматтан алынышына, ага тагылып жаткан айыптарга пикириңиз кандай?

Бөлүшүү:

Кайрат Осмоналиев: юрист

-Укук коргоо органдарында тартип болууга тийиш. Башчыдан аттап өтүп өз билгенин кылган туура эмес деп ойлойм, анткени  андай кадам кооптуу, операцияны жокко чыгарууга да мүмкүн.  А мындай жагдайларда камерага тарттырып пиар кылуу андан  да эки эсе туура эмес. Министр учурунда эмне кылышы керек эле, ал изилдөөнү тапшырды. Жүрүп атат. Эгерде кызматтык изилдөөнүн жыйынтыгында коюлган айыптар аныкталса, анда күнөөлөөчү өкүм чыгышы да мүнкүн.  Укук коргоо органдары интригалардан алыс болуп, үлгү болуш керек, эгерде Кашкар Жунушалиевдин ордунда Курсан Асанов болгондо ал деле эмне себептер менен ал өз билемдик кылгандыгын изилдөөнү тапшырмак.

Туратбек Мадылбеков, экс-депутат,милициянын отставкадагы полковниги

-Премьер-министрдин буйругунун негизинде Асановду кызматтан алган жүйөлөрү мени таң калтырып жатат. Демек, ага негиздер болсо керек, биз, сиз билбеген көп жагдайлар болушу мүнкүн. Болбосо “”башка ишке өткөнүнө байланыштуу” деп эле алып коюшат эле да. Курсан Асановдон мындайды күткөн эмесмин. Негизинен ал илгертен Атамбаев менен өтө жакшы мамиледе экенин билчүмүн. Ошон үчүн министрдин орун басары болуп 8 жылдан ашуун иштеди да. Кызматта атаандашуу болот, бирок мындай чыкпашы керек эле. Министр сүйлөшүп жатса Асановдун бара калганы этикага да жатпайт, аскердик тартип деген бар. Эгер бул жерде интрига болсо, анда өздүк курамга да таасирин тийгизет. Интрига бар жерде өсүп-өнүгүү болбойт.

Ашырбек Бакаев, генерал, Ички аскерлердин экс-кол башчысы:

-Менимче генарлдар тирешкен жок. Бирөө мамлекет кызыкчылыгын көздөсө, экинчиси өз кызыкчылыгына жетеленип, милдетине байланышпаган иштерге барган сыяктуу. Албетте, бул менин өз маалымат булактарыма ишенип айткан пикирим. Ал эми “”Интрига деп анын  тарапташтары, кээ бир журналисттер элге жарыялашып бирин актоого аракет кылып  жаткансыйт, бирок сабырдуулук менен көбүртүп-жабыртпай, тергөө менен сот жыйынтыктарын күтсөк туура болот го.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: