Кечээ, 28-август күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин Биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Катар Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдалла Ахмед Аль-Сулайти менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Катар Мамлекетинин Элчиси Катар Мамлекетинин Эмири шейх Тамима бин Хамад Аль-Танинин Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековго эки мамлекеттин кызматташтыгын андан ары бекемдөө тууралуу катынын түп нускасын берди.
Маектин жүрүшүндө тараптар кыргыз-катар мамилелеринин актуалдуу маселелерин жана аларды өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле аралык уюмдардын алкагында эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн карап чыгышты. Маектештер жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде өз ара иш-сапарларды уюштуруунун жана соода, инвестиция жана кайрымдуулук чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ