Иран кийинки аптага пландалып жаткан Астанадагы Сирия сүйлөшүүлөрүнө Кошмо Штаттардын катышуусуна каршы экенин билдирүүдө.
Tasnim агенттиги билдиргендей, Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф “биз аларды чакырган жокпуз, биз алардын болушуна каршыбыз” деген.
Расмий Тегеран муну менен Сирия боюнча келерки аптада Казакстандын борбору Астана шаарында башталат деп күтүлгөн сүйлөшүүлөр боюнча Орусия жана Түркиянын позициясына каршы экенин көргөзүүдө. Москва менен Анкара жолугушууга Дональд Трамп жетектеген жаңы администрация катышуусу керек деген.
Иран тышкы иштер министрлигинин өкүлү Бахрам Хашеминин айтуусунда, сүйлөшүүлөрдүн азыркы баскычында “үч тараптуулук” сакталуусу керек, бул форматтын кеңейтилиши иштин оңунан чыкпай калуу “тобокелчилигин күчөтөт”.
Орусия,Түркия жана Иран Сирия боюнча жаңы тынчтык сүйлөшүүлөрүн өкмөттүк күчтөр өткөн айда Алеппо шаарынын чыгыш бөлүгүн ээлөөгө жетишкенден кийин демилгелешкен. Алеппонун чыгышы жарандык согуштун жүрүшүндө козголоңчулардын эң маанилүү таянычы болгон эле.
Астана сүйлөшүүлөрүн уюштуруп жаткандардан Орусия менен Иран Сирия президенти Башар Асаддын режимин, ал эми Түркия козголоңчуларды колдоп келет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ