Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 28-август күнү саат 07:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 235-чакырымында (Ак-Көл тилкеси) Чычкан суусуна 2014-жылы туулган А.Д. аттуу жаш бала түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
28-август күнү издөө иштерин улантуу үчүн КР ӨКМнен 61 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана туугандарынан 20 адам тартылып, куткаруучулар маркумдун жансыз денесин саат 18:10до суудан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ