Menu

ИИМ: Эгемендүүлүк майрамды өткөрүүгө карата коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыкты

Бөлүшүү:

Кыргыз   Республикасынын  Эгемендүүлүк  күнүнө,  28 жылдык маарекесине карата  ички  иштер  министрлиги тарабынан коомдук коопсуздукту камсыздоо   иш-чаралардын планы иштелип чыкты. Майрамдык иш-чарага карата 2019-жылдын 30 августунан баштап, ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Бул тууралу КР ИИМинин басма сөз кызматы билдирет.

Майрам  учурунда  коомдук  тартипти  камсыз  кылууга  тартылган күчтөрдүн жана каражаттарын эсеби чыгарылды. Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн  ички иштер органдарынын 7000ден ашуун кызматкерлери тартылды. Ички иштер органдарынын атайын кызматтары тарабынан укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча чаралар көрүлүп жатат.
Аймактарда, баардык ички иштер органдарында  майрамга карата саптык кароо өткөрүлдүү.  Кыргыз Республикасынын ИИМи, ИИББгы, ИИБ жана райондук ички иштер органдарында кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте  кызмат өтүшөт.
Майрамдык  иш-чара өтүүчү жерлерде ИИОнун кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынып, коомдук –коопсуздукту сактоо иш-чаралары жүргүзүлөт жана өзгөчө маанилүү обьектилер коргого алынат.
Адаттагыдай эле, ушул күндөрү майрамдык иш-чара өткөрүлүүчү,  жарандар топтолгон жерлерде милиция кызматкерлери тарабынан  коопсуздугу камсыздалынат. Майрам өткөрүлүүчү жерлерден  жарандар  көзөмөлдөп өткөрүү пункттарынан өтөт,  ал жактан темир издөөчү детекторлор  менен текшерүүлөр жүргүзүлөт.
Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып, так жана сак болуусун эскертет (шектүү буюмдарды байкап калсаңыздар өз убагында жакынкы милиция кызматкерлерине кабарлап коюуңуздарды өтүнөт).  Ошондой эле, Эгемендүүлүк күнүнө карата  өткөрүлүп жаткан  иш-чараларга түшүнүү  менен карап, кайдыгер мамиле кылбаңыздарды өтүнөбүз.
Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору 2019-жылдын 31-август күнүндө шаарыбыздын борборлук көчөлөрүндө кээ бир тилкелери иш-чаралардын өтүшүнө байланыштуу жабылат. Бул тыюу салууларга  түшүнүү менен карап, жүрүүчү жана айланып өтүчү  жолдорду эрте тандооңуздарды суранабыз.
2019-жылдын 31- август күнү Эгемендүүлүк күнүнө карата эртен мененки 8:00дон түшкү 12:00го чейин жана кечки 19:00дон 23:00го чейин төмөнкү автоунаа каттоочу көчөлөрүндө убактылуу чектөөлөр киргизилет. Алар:
-Чүй проспектиси- Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
-Киев көчөсү-Эркиндик бульварынан-Логвиенко көчөсүнө чейин;
-Фрунзе көчөсү-Понфилов көчөсүнөн-Раззаков көчөсүнө чейин;
Ошондой эле, Абдымомунов көчөсүнө дагы чектөөлөр киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматтары майрамдык иш-чаралар убагында коомдук тартипти жана коопсуздукту толугу менен камсыздайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: