Menu

“Көйгөйлөрү менен мектеп турмушу, кымгуут жашоо башталат…”

Бөлүшүү:

2-сентябрдан баштап жаңы окуу жылынын биринчи күнү башталат. Түрдүү көйгөйлөрү менен күтүп алган мектеп турмушу, кымгуут жашоо башталат. Бүгүн кай жакты караба, балдарынын кем-карчын бүтөй албай эле кыйналган ата-энени жолуктурасың. Биз бүгүн айрым мектеп көйгөйлөрү, жаңылыктары тууралуу маалымат бөлүштүк.

Садык Шер-Нияз, “Ата Мекен” фракциясынан ЖК депутаты: “Биз мыйзамды катырып жазган бюджетте эч нерсе жок”

– Ар бир жаңы окуу жылы башталганда мектеп көйгөйлөрүн эске түшүрөбүз. Мектептердеги орун жетишсиздиги курч бойдон. Бир класска кырктан ашык бала окуган мындай көрүнүш, мындай система качанкыга чейин уланар экен?

– Мектептерге орун жетишпей, кырктан ашык бала окуп жаткан маселе бар. Бир жакшы жагы, балдар окубай көчөдө калган жерлери жок. Кырктан ашык бала бир класста окуса да билим алып жатышат. Болгону жашаган жерине жакын окуй албай калган көйгөйлөр кездешет. Мамлекетте, бюджетте бул маселени дароо чече турган дарамет жок. Анткени биз кедей мамлекет болуп саналабыз. Мындай маселе бизге окшогон баардык мамлекеттерде бар болсо керек.

– Парламентте бул көйгөйдү чечүү боюнча кандайдыр бир мыйзамдар каралып, идеялар айтылып жатабы? 

– Мыйзамдарды жазып, идеяларды айтып койгон менен каражатка барып такалат да. Мыйзам бышкан. Конституцияда да «Кыргызстандагы ар бир жаран билим алууга укуктуу» деп жазылган. Билим алууга шарт түзүп беришибиз керек. Биз мыйзамды жазганыбыз менен толук кылып чече албай жатабыз. Орун жетишсиздиги эле эмес, алыскы айылдардагы кээ бир мектептердин дубалы кулайын деген кейиштүү абалда. Биз мыйзамды катырып жазган менен бюджет керек.

– Мугалимдердин эмгек акысы жогорулап жатат. Медицина кызматкерлеринин айлык акысы да көтөрүлүп, бирок бир топ чуу менен коштолуп келет. Мугалимдерге келгенде кандай болор экен?

– Бул жакшы саамалык. Айлык акы 30%га чейин көтөрүлүп, орто эсеп менен 17 миң сомго чейин чыгары маалым болууда. Мунун баары эсептелип, чоттолду го деп ойлойм. Чечим кабыл аларда тийиштүү тармактар, экономика, финансы, билим берүү министрликтери тыкыр эсептейт. Абдан таразалап, баары жетиштүү деңгээлде эсептелип чыккан чечим (!) деп ойлойм.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: