Menu

Видео – Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн ишкерлер мамлекет менен активдүү кызматташуусу керек

Бөлүшүү:

Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн ишкерлер мамлекет менен активдүү кызматташуусу керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Талас облусундагы ишкерлер менен жолугушканда билдирди.

«Быйыл аймактардын социалдык-экономикалык инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн 2 млрд сом бөлүнүүдө. Бул программа башка каржылоо программаларынан өзгөчөлөнүп турат, бул бизнести өнүктүрүүгө багытталган. Долбоордорду тандоо критерийлери – бул алыскы аймактардын тургундарынын каражатка жеткиликтүүлүгү, жергиликтүү чийки затты жана эмгек ресурстарын колдонуу, ошондой эле экспортко багытталган жана инновациялык мүнөз», – деди ал.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров ишкерлерден долбоорлорду кабыл алуу башталды, кеңеш берүү үчүн жер-жерлерге «Кепилдик фонд» ААК, «РСК Банк», «Айыл Банк» жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду адистерин жибергенин айтты.

«Бизнес башка облустардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен, ар бир аймакта кластердин өнүгүүсүн үзгүлтүксүз улантуу керек. Талас облусу чет өлкөдө суроо-талап күч болгон фасолду өстүрүү менен белгилүү. Ушул тармакты өнүктүрүү керек, бирок чийки затты тапшырып кою жолу менен эмес, «Кыргызстанда жасалган» деген бренд менен даяр продукция чыгара турган өндүрүштү жолго салуу керек», – деп Замирбек Аскаров сөзүн жыйынтыктады.

Андан кийин вице-премьер-министр Манас районундагы Арал  айылында иштебей турган «Талас Таш» ишканасын көрдү.

Буга чейин завод мрамор  плиталарын чыгарчу. Жакында эле Инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду тандоо жана аймактарды өнүктүрүүдө 2 млрд сомду өздөштүрүү боюнча өнүктүрүү программасынын сынак комиссиясы ишканадагы өндүрүштү жандандыруу боюнча долбоорду жактырды.

«Өндүрүш жандангандан кийин 50 жумушчу орун түзүлөт. Биз үчүн ички гана эмес, тышкы рынокко да багытталган ишкананын ачылышы маанилүү. Биз экспортко багытталган ишканаларды колдоого даярбыз. Өкмөт ишкерлер үчүн жеңилдетилген насыя жана салыкка жеңилдик берип, жакшы шарттарды түздү.  Жогоруда айтылган ишкананы жандандыруу боюнча долбоор аймактардагы өндүрүштү өнүктүрүү программасы боюнча биринчи долбоор болду», – деди Замирбек Аскаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: