Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында “2012-жылдын 20-июнунда Рио-де-Жанейро шаарында кол коюлган Глобалдык жашыл өсүш институтун түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды.
Мыйзамдын долбоорун талкуулоо учурунда депутат Руслан Казакбаев КР Каржы министри Санжар Муканбетовго 3 суроо берди. Үч суроосуна тең алган жообуна канаатанбаганын билдирди.
-Биринчиден, Киото протоколу боюнча Кыргызстанда эмне жумуштар аткарылды? Париж конференциясы кийин болгон. Эч нерсе билбейсиңер, маалыматыңар жок экен.
Экинчиден, Глобалдык жашыл өсүш институтунда Кыргызстандын канча жараны иштеп жатат? Тышкы иштер министрлиги менен бул багытта иштеп жатасыңарбы. Биз мүчө болгон Эл аралык институттарда биздин жарандар да иштеш керек. Антпесе биздин кызыкчылыкты коргоо оор болот.
Үчүнчүдөн, сиз Экономика министри катары билесизби, бизден азыр жергиликтүү инвесторлордун көбү башка өлкөлөргө кетип жатышат? Ушул боюнча статистика барбы, Кыргызстандын эң ири бизнесмендери акчаларын чет өлкөлөргө чыгарып кетип жатышат? – деп сурады Руслан Казакбаев.
– Акыркы айларда Кыргызстанда инвестициялык климат начарлап кетти. Бул Кызыл-Омпол жана Солтон-Сары кендериндеги окуяларга байланыштуу, – деп жооп берди Санжар Муканбетов.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ