Menu

Жактоочу Икрамидин Айткулов эски карыздар менен шек санаткан талаштардын чордонунда  

Бөлүшүү:

Икрамидин Айткулов, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду коргоп жатып, өзү камакка алынган эле. 22-августта Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматы Икрамидин Айткуловго анын алдамчылыкка шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдаманы тапшырган. Ошентип,  жактоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми, эртеси Свердлов райондук соту аны 21-октябрга чейин үй камагына алуу чечимин чыгарган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын кызматкери Шаршеева Адинай билдирди.

Шаардык ИИББден түшүндүргөндөй, Айткуловго карата тергөө,  бир жарандын  5 миң 500 доллар акча каражатын алдоо жолу менен жактоочу ээлеп алгындыгы жөнүндөгү арызы боюнча жүрүп жаткандыгын билдиришти. Чынында, бул  жаран арыз менен ИИМге 2018-жылы эле кайрылган. Жактоочу Айткуловдун версиясын (өзүнө тагылган кылмыш иши боюнча үн ката элек) социалдык тармактардан  анын жубайы Раушан Айткулова (ал мурдагы   Роза Качиева жана Раушан Рыкунова)  билдирди.  Анын сөзү боюнча бул иш  жабырлануучу катары жүргөн  жаран мурдагы милициянын аймактык тескөөчүсү, жактоочу Айткуловдун эски кардары. Ал издөөдө жүргөн кезинде акыркы жолу жактоочуга Россиядан же Казакстандан  чалган. Кызматына байланышкан кылмыштар, анын ичинде опуза талап кылуу фактылары үчүн Бишкек шаарынын Биринчимай райондук соту милиция кызматкерин 15 жыл эркинен ажыратуу чечимин сырттан чыгарган.

Кыскасы, качып жүргөн кардар Айткуловду анын кызыкчылыгын коргоо үчүн көндүргөн. Жактоочу Бишкек шаардык сотуна доосу менен кайрылып,   чечимди жокко чыгарткан. Ал эми, жаңы чечим алда канча жумшак болгон (ошол убакта мурдагы милиционер тергөө  абагында отурган-ал Бишкекке кайтып, сотко келгенде камакка алынган)-2,5 миллион сом айып  салынган.  Ушул мезгилде эркиндикке чыккан кардар менен жактоочунун ортосунда келишпестиктер пайда болгон.

Раушан Айткулованын айтуусунда, мурдагы милиционер, жактоочудан айып пулду төлөө үчүн карызга акча сурай баштаган. Икрамидин Айткулов өз кезегинде гонорарын төлөп берүүсүн талап кылган. Ошол убактан баштап, кардар өзүнүн коргоочусун опузалаганга өткөн.

Бул окуяда кызыктуу жагдайлар дагы бар. Качып жүргөн кезде, мурдагы милиционер алдыда көрсөтө турган кызматтары үчүн Айткуловдун банктык картасына ири суммадагы акча каражатын которгон- 5500 доллар.  Раушан Айткулова билдиргендей, ал сумманы жактоочу кардардын суранычы менен жубайына берген. Бирок, акча каражатын берген учурда алгандыгы тууралуу  тил катты кардардын жубайынан алууну ойлогон дагы эмес. Ал эми банктан которулгандыгы жөнүндө далил бар болгону менен Айткулов акчаны өзүнө кымырып албагандыгы жөнүндө далилдер жок.

Ошондой эле,  бул аралыкта жактоочунун уулу мурда алдамчылык үчүн соттолгон 32 жаштагы Азамат Айткулов шектүү катары эсептелип калат. Январь айында Башкы прокуратурага бишкектик тургун  Бакыт Туратбеков кайрылган арыз  жарыкка чыгат. 2014-жылы, жабырлануучу билдиргендей,  Айткуловдун уулу  жактоочу-атасынын (ошол убакта аны өз короосунан катуу сабап кетишкен) даарылануусуна   андан 25 000 доллар алган.  Андан соң,  Азамат Айткулов бизнесин өркүндөтүү үчүн дагы 6 миң доллар карызга алган. Бирок, бул акчалардын барын кайтарып берген эмес. Туратбековдун сөзү боюнча, качан гана, ал карызга берген акчаларын талап кыла баштаганда карыздар адамдын атасы-жактоочу Айткулов кийлигише баштаган.  Ал баласынын карыз  милдеттенмесин өзүнө алган. Бирок, ал дагы карызды кайтарып берген эмес.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча  сотко чейинки өндүрүш башталган.

Качан гана Бишкекте жактоочу Айткуловду саясий кугунтукталып жаткандыгы жөнүндө пикирлер жарала баштаганда, жаңы жабырлануучулар пайда боло баштаган. Алардын үчөө  маалымат жыйынын дагы өткөрүшкөн. Алардын ичинде жогоруда эскертилген Бакыт Туратбеков өзүнүн энеси менен, андан сырткары Абдымалик Мырзаев (республика ичинде таанымал адам) бар.

Мурдагы чекист, полковник Мырзаев көп жылдардан бери каалаган бийликти сындаган оппозиционер экени маалым. 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин ал көп жылдар боюу Улуттук банктын башчысынын орун басары кызматын аркалаган. Андан соң, төңкөрүштүк  бийликтен көңүлү калып, мамлекеттик кызматтан кетип, “Элдик фронт” коомдук бирикмесин түзгөн. 2014-жылы февралда мамлекеттик төңкөрүш жасоого айыпталып камакка алынган. Мындан көп убакыт өтө элек кезде Мырзаев видеоинтервью аркылуу Кыргызстанда аскердик диктатура орнотуу керектигин сунуштаган. Ошол эле жылы ноябрь айында Жогорку сот Мырзаевди эркиндикке чыгарган.  Анын эркендикке чыгышы жана ошондой эле камакка алынышы калың туман сыяктуу шектүү ойлорду жаратса дагы-“Жашыруун” грифине шелтеме берүү менен эч ким бул иш боюнча өз пикирин билдирүүнү каалашкан эмес.

Отставкадагы полковник Мырзаев, коомчулукка чыгып, ага жактоочу Икрамидин  Айткулов менен анын жубайы Раушан бирдиктүү бизнеске кошкон 11 миң АКШ долларын  карыз экендигин билдирген.

“Мен Раушан Айткулова менен 2012-жылы таанышкам-деп Абдымалик Мырзаев айтып берди. – Ал азык-түлүк сата турган интернет-дүкөн ачкан. Мен болсо бул дүкөндө алкоголдук жана чылым продуктуларын сатуу боюнча лицензияны алып бергем, бул долбоор үчүн алар күйүүчү майды үнөмдүү кетирген эки автоунаа сатып алышкан. Бир аз убакыт өткөн соң, мен кеткем, алар мага качамды кайтарып беришкен жок ” .

Раушан Айткулова бул айыпка дагы токтолбостон жооп берип, жооп катары мурдагы өнөктөшүн көптөгөн иштерге күнөөлөдү.  Социалдык тармакта билдиргендей, Мырзаев   жана анын жакындары менен  үч ай биргеликте иштеген убакытта  көптөгөн карызга батышкандыгы, алар эмес, Мырзаев аларды   “Сатып кеткендигин” жазган. Андан сырткары, мамлекеттик төңкөрүшкө даярданууга айыпталып оппозоционер Мырзаевдин камакка алынган учурунда бизнести өнүктүрүү үчүн кредит алууда анын ишканасы менен бир дагы банк иш жүргүзгүсү келбей баш тартышкандыгын жактоочунун жубайы кошумчалады.

Бул окуя өтө күмөндүү. Таң калычтуусу, бул окуялардын бардыгына жактоочу Айткулов жабышып калгандыгы-мурдагы жогорку кызматтагы милиция кызматкери менен чекист (Белгилүү болгондой, мурдагы чекист болбойт). Эми, жактоочу Икрамидин Айткулов эски карыздар менен шек санаткан талаштардын чордонунда   болууда. Бул абалда кимдир-бирөөнү коргоо жана укук коргоо органдары менен күрөшүү кыйынга турат.

Булак: “Delo.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: