Menu

Депутат Жанар Акаев: “Алтымыштан ашкан апаларга орой мамиле көрсөтүлдү!”

Бөлүшүү:

Кадамжай районунун Майдан айылындагы “Шамбесай” алтын кенинде кечээ, 23-октябрда жаңжал чыккан. Мекемелер аралык комиссиянын өкүлдөрү аталган кенде иликтөө иштерин жүргүзүү максатында суу менен топурак алуу үчүн келишкенде жергиликтүү эл каршылык көрсөткөн. Ал жерде милиция кызматкерлери аялдарды жулкуп түрткөн видео тараган. Бул боюнча бүгүн депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда акыйкатчы Токон Мамытовго “өкмөттө элге маселени түшүндүрө ала турган кадыр-барктуу кишилер жокпу?” – деп кайрылды.

“Кыргыз өлкөсүндө адам укугу кадам сайын бузулат. Күч органдарына, сотторго нааразычылыктар көп. Кадамжайдын Майдан айыл өкмөтүндө кен боюнча элдер чогулуп, пикирин айтып, кенди иштетүүгө каршы ойлорун билдиришти. Буга биздин жарандардын мыйзам боюнча укугу бар. Алар эч кандай башаламандык, тоскоолдук кылган жок. Бирок милиция ошол жерде алтымыштан өтүп калган апалардын колдорун кайрып, аларга өтө орой мамиле кылды. Сиз ошол Майдан айыл өкмөтүнө барышыңыз керек. Мен инвесторлордун келишине, кендердин иштешине каршы эмесмин. Бирок бул жерде адилетсиздик болуп жатат. Элдин үнүн сөзсүз угуш керек”, – деди Акаев.

Учурда парламентте акыйкатчыга депутаттар суроо берип жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: