Menu

Аликбек Жекшенкулов, “Акыйкат” партиясынын лидери, экс-тышкы иштер министри: “Калп канчалык мокочо болсо, ошончолук коп эл ишенет”

Бөлүшүү:

–Аликбек Жекшенкулович, бир топ теле-каналдар аркылуу Унгар-Тоо сиз тышкы иштер министри болуп турган кезде, Өзбекстанга өтүп кеткенби? Ушундай маанидеги маалыматтар  берилди. Буга сиз кандай түшүндүрмө бересиз?

–Буга таң калбаш керек. Себеби, мен акыркы эки-үч айда саясатка активдүү аралашып, азыркы бийлик тууралуу коомчулукка өз пикиримди, ар кандай сунуштарымды айтып, сындачу жерде сындап келатам. Мына ушунум бийликтеги кимдир бирөөлөргө жакпай калса керек. Ошон үчүн мага чабуул коюп, фактыларды бурмалап, мен тууралуу жалган маалыматтарды тарата башташты. Мени элге чыккынчы катары көрсөтүүгө аракет жасалууда. Өзүңөр билесиңер, мурдагы бийлик мени учурунда киши өлтүргүч, ууру кылган. Кийин бийлик “Мегакомго рейдерлик кылды” деп, жалаа жаап, “Юпи-гейтке” аралаштырып, террорист кылганы аракет жасады. Бирок, ал аракеттеринен эч натыйжа чыкпады, себеби, менин элдин алдында, Кудайдын алдында дагы абийирим таза. Мага коюлган күнөөлөр суу кечпеген, акылга сыйбас жалаа экенин убакыт көрсөттү. Азыркы бийлик мурдагы Бакиевдин катачылыктарын кайра кайталап, өздөрү эле уят болуп жатышат.

Ал эми Унгар-Тоо маселесине келсек, Унгар-тоо өкмөттүн канчалык сабатсыз экендигин көрсөттү. Бир эле маалыматты он түрдүү айтышып, акырында бизге шылташты. Кыргыз-өзбек чек ара маселесин чечүү үчүн өкмөттүн алдында атайын комиссия түзүлгөн. Анын башында Саламат Аламанов тажрыйбалуу, билимдүү адам турчу. Ошол киши болгону биргелешкен эки тараптуу комиссиянын номур 20- протоколуна кол койгон. Муну далилдеген документтер турат. Өзү деле маалымат берет болуш керек.

–Бирок, Саламат Аламанов болгону комиссиянын төрагасы да. Мындай документке кол койгон анын компетенциясына киреби?

–Бир нерсени туура түшүнгүлө, али Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселеси чечиле элек. Анын ичинде Үнгар-Тоо да азырынча талаш аймак катары чечилбей турат. Бүгүнкү күнгө чейин кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мамлекеттик келишимге кол коюла элек.

Билесиңер да, тышкы иштер министри болгону бир ведомствонун жетекчиси. Менин чек араны аныктоо боюнча укугум жок болчу, комиссия дагы мага баш ийген эмес. Тышкы иштер министрлиги тууралуу жобо бар. Азыркы бийликтегилер мага күнөө койгондун алдында, ошону окуп алышса болмок. Ал жерде тышкы иштер министрлиги мамлекеттик органдарга саясый, экономикалык, маданий, илимий жактардан жол ачып, эл аралык кызматташууга шарт түзүп берери так жазылып турат. Калган ишти алар өздөрү улантат. Мисалы, экономика, коопсуздук, чек ара, жол маселеси болобу, мунун баарысын алар өздөрүнчө башка мамлекеттердин өкүлдөрү менен сүйлөшөт. Билим берүү министри билим берүү министри менен, айыл чарба министри айыл чарба министри менен, чек арачы чек арачылар менен сүйлөшөт. Биз жогоруда айткандай, жол ачып, жакшы маанай, шарттарды гана түзүп беребиз.

2006-жылы тышкы иштер министрлиги күнү-түнү тыным албай иштеп, түштүктө жашаган кыргыз жарандарынын тагдырын ойлоп, кыргыз-өзбек мамилелерин оңдогонго аракет кылып, улуттун кызыкчылыгын көздөгөн келишимдерди даярдап берсе, бул чыккынчылыкка жатабы?

Кеп Бакиевде, Атамбаевде, же Жекшенкуловдо эмес. “Кыргыз-өзбек чек ара маселесин кантип чечебиз, эки элдин ортосунда канткенде жакшы мамилени түзөбүз?” деген суроо Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери турат. Анткени, бирөөлөргө жагабы, жакпайбы, кыргыздар менен өзбектер кылымдардан бери ымалашып, кошуна жашап келген элдер. Тили, дини, дили, тамыры бир. Өзбекстан региондогу чоң мамлекеттердин бири. Ошондуктан, биз сөзсүз жалаң эле Өзбекстан эмес, Казакстан жана башка мамлекеттер менен тең укуктуу, эки тарапка тең пайдалуу тыгыз кызматташтык жүргүзүүгө тийишпиз. Фергана өрөөнүндө жакырчылык, криминал, наркотрафик, диний экстремизм, чек ара, суу-энергетика маселеси сыяктуу өтө татаал суроолор бар. Региондо кошуна жашаган үч мамлекет: Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан бул маселелерди биргелешип, бири-бирибизди туура түшүнүү, колдоо менен чечпесек, келечегибиз кыйын болуп калышы мүмкүн. Ошон үчүн биз региондогу мамлекеттердин ортосунда мамилени жакшыртууга шарт түзүп бергенге максат коюп иштегенбиз.

Анда, бул малымат жөн гана сизге каршы уюштурулган чагымбы?

–Бул жеке мага каршы багытталганга чагым болсо, эчтеке эмес эле. Биз саясатчы болгондон кийин баштан көп нерселерди өткөрүп, саясатты да, турмушту да баардык жагынан көргөнбүз.

Эң биринчи, бул каралоо материалдарды уюштургандар “кыргыз-өзбек маселесине чагым жасап албайбызбы?” деген мааниде ой жүгүртүш керек эле. Эмне себептен экенин түшүндүрүп берейин. Эгер кайсыл бир мамлекеттин жетекчисинин сүрөтүн көрсөтүп, эки мамлекеттин ортосундагы иш-чараны чагылдырып, ошол жанындагы кишилерге кандайдыр бир дооматтарды коюп, жаманатты кылса, анын эпкини ошол мамлекеттин жетекчисине да тийип калышы мүмкүн. Элчиликтер милдеттерине жараша республикада болуп жаткан саясый-экономикалык абалды, массалык маалымат каражаттарында жазылып жаткан материалдарды, коомдо кандай пикирлер түзүлүп жатканын өз өлкөлөрүнө кабарлап турушат. Анан элестетип көрсөңөр, Ташкентке “2006-жылы эки мамлекеттин ортосунда өткөн иш-чарага доомат коюп, шек келтирип жатат” деген маалымат жетсе, алар кандай ойлойт биздин мамлекет жөнүндө? Бул эмне, чагымчылдык эмеспи?

Мындай көрсөтүүлөр, ЖМКлар аркылуу жарыяланып жаткан тастыкталбаган маалыматтар, жанагындай эмоция менен сүйлөнгөн сөздөр эки тараптуу мамилеге терс таасир этиши мүмкүн. Акыл-эстүү саясатчы, жөнөкөй жаран деле мындайга жол бербеши шарт.

Эгер эки өлкөнүн лидерлери тил табыша алышпаса, эмне үчүн мындан карапайым калк жабыр тартышы керек? Эмне үчүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тургундарынын көбүнчөсү иш жогунан, коопсуздук маселеси чечилбегенинен Россия, Казакстан, Түркия сыяктуу мамлекеттерде кыйналып жүрүшү керек? Бийлик ошону ойлобойбу?

Дагы бир жолу айтып коеюн, кыргыз-өзбек мамилесин оңдоп, өз ара жакшы  мамиле түзүп, кызматташууну бекемдеп, баардык маселелерди чогуу сүйлөшүп, тынчтык жол менен чечкенден башка жол жок.

Өзбекстан болобу, же Казакстан, Тажикстан, Кытай болобу, биз баардык кошуна мамлекеттер менен жакшы досчулук, кызматташуучулук мамиледе болууга тийишпиз, бул элибиздин тынчылыгы үчүн, мамлекеттин коопсуздугу үчүн, өнүгүү үчүн керек.

–Сиз бирөөнү жамандап, же жеке аброюна шек келтирсеңиз бир жөн эле. Оппозияга дагы кошулган жоксуз. Болгону өз оюңузду, позицияңызды өтө сылык, маданияттуу формада билдирип жатпайсызбы?

–Азыркы бийликтеги чиновниктердин саясый маданиятын, түшүнүгүнүн дэңгээлин коомубуз жакшы билет. Биздин коомубузда болуп жаткан саясый окуялардын эки себеби бар. Биринчиден, бийлик элди алаксытуу максатын коюп жаткандай көрүнөт. Дүйнөлүк саясаттын тарыхында ушундай тажрыйбалар бар. Бийликке келиш үчүн, же бийлигин сактап калыш үчүн ички душман издеп, коомду алек кылат, же болбосо башка мамлекетти тышкы душман катарында көрсөтөт. Мен бир эле мисал келтирейин. 1930-жылдары Германияда фашисттер бийликке келгенде, “экономикалык жакырчылыкка еврейлер күнөөлүү” деп, аларга чабуул жасаганын баарыбыз билебиз. Ошол кезде Геббелстин айткан сөзү бар: “Калп канчалык мокочо болсо, эл ошончолук ишенет”.

Биздин бийлик да ошондой ыкмаларга ооп бараткандай сезилет. Азыр өзүңөр көрүп турасыздар, элдин наараазычылыгы күчөп, мамлекеттин экономикалык абалы начарлап, криминал, коррупция күчөп, сот жана укук коргоо системасы адилеттүү иш көрсөтө албай жатат. Терроризм, экстремизм, коопсуздук маселеси андан да курч. Ошону баарысын сезип, биздин бийликтин айласы кетип, коомду алаксытуу иретинде ар кандай ыкмаларды пайдаланганга аракет жасагандай көрүнөт.

Азыркы бийлик ЖМКлардын көбүн көзөмөлгө алып алышкан, ошолор аркылуу оппозицияга, жактырбаган өз пикири бар саясатчыларга карата каралаган  материалдарды таратып жатышат. Бирок, алар унутуп калган го, биз 21-кылымда, дүйнөдө демократия, интернет өнүккөн мезгилде жашап жатабыз. Биздин коомдо адамдын укугун, абийирин, ар-намысын коргоо түшүнүгү өнүккөн.

Экинчи себеп, булар чындыкты, сын пикирин айткан кишини өздөрүнө душман көрүшөт экен. Айткан сындан туура жыйынтык чыгарып, жакшы, жаратуучулук иш жасагандын ордуна өч алууга өтүштү. Алар душман издеп, элдин эсебинен саясый оппонттерди жамандаган теле көрсөтүүлөрдү уюштургандын ордуна, “элдин турмушун кантип оңдойбуз, мамлекеттин коопсуздугун кантип бекемдейбиз, экономикалык кризистен кантип чыгабыз, адилеттүү сот системасын кантип түзөбүз?” деп ойлонуп, тиешелүү иш-аракеттерди жасашса болмок.

Анан калса, азыркы кээ бир чиновниктерде “эл билбейт, түшүнбөйт, кандай маалымат болбосун ишене берет” деген ой пайда болуптур. Бул туура эмес, биз алакандай элбиз, кимдин ким экенин эл билет. Ар бир саясатчынын тарыхын билет.

Мына, азыркы бийлик келгенине алты жыл болду. Эгер мен чындап эле элиме чыккынчылык кылып, туура эмес мыйзамсыз иштерди жасаган болсом, эчак эле казып чыгышмак. Коррупцияга аралашып, кээ бир кемчиликтерди кетирсем, мен өзүм деле башка чиновниктердей кысчу жеримди кысып, шүк отурмакмын. Мен болсо ар дайым элдин, мамлекетибиздин тагдырына күйүп-бышып, өз ойлорумду айтып жатам, мындан кийин да айта бермекчимин.

Өткөн бийликтин тушунда коомдук парламент түзүп, оппозициянын башын бириктирип, камакка да отуруп чыктыңыз эле.

–Мен Бакиевдин курган криминалдык-үй-бүлөлүк башкаруу системасына, жалпы саясатына макул болбой, көп нерселерди, чыркыраган чындыкты бетине айтып, курултайларды уюштурганым үчүн мурдагы бийликке да жакпай калгам. Кандай кыйынчылыктарды башыман өткөзгөнүмдү өзүңөр билесиңер. Бирок, адам андай нерселерди бат унутат турбайбы. Булардын да көздөрүн май басып бараткан сыягы. Мактасаң — жагасың, жөн эле калыс сөзүңдү айтсаң — элге жаман көрсөтүп, душманга айлантып салганга аракет кылат экен.

Бакиевдин убагында Атамбаевди, Текебаевди, Исаковду, дегеле жалпы оппозиционерлерди ошол эле бийликке таандык “кара телеящиктер”, ЖМКлар аркылуу кандай гана жамандаган жок. Анын баарысы төгүндөлүп, эл ишенбей, тескерисинче, бийликке келишти го? Муну мага кара-пиар уюштурган шылуун чиновниктер унутпашы керек экенин эсине салып коёюн. Бирок, бир четинен мага бир жуманын ичинде күнүгө пиар жасап бергенине рахмат айтам, мени көчөдө таанып, учурашкан кишилер көбөйдү.

Өзбекстанга таандык пансионаттар боюнча эмне дейсиз?

–Ал пансионаттарды эчак эле биздин мамлекетибизге мыйзамдаштырып алыш керек болчу. Бирок, эл аралык мамиледе кандай гана кадам болбосун, адегенде ойлонуп туруп, анан кадам жасаш керек да. Өзбек-кыргыз мамилеси ансыз деле татаалдашып турганда, аны ого бетер татаалдаштыруунун эмне кереги бар эле? Адегенде чоң маселе — чек ара маселесин чечип алыш керек болчу. Эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер ичинде чоң жана кичинекей маселелери болот, ошол маселелер бири-бирине таасир этиши мүмкүн – бул эл аралык мамилелердин тартиби. Пансионаттар биздин жерде тургандан кийин аны каалаган учурда сүйлөшүү аркылуу чечип  алмакпыз. Макул, пансионаттарды алдык. “Туризм тармагында инвестицияларга жол тоспойбу?” деген суроону ойлонуш керек беле? Андан соң аларды ким иштетет? Өкмөт иштетеби, же коррупциялык схема менен бирөөлөргө сатылып кетеби? Андан ким утат? Эки тараптуу мамиле да бузулуп, инвестициялык абал дагы бузулуп, пансионаттын убайын да эл эмес, жеке бийликке жакын кишилер көрүп калышы мүмкүн.

–Маегибиздин  аягында сиздин кошумчалар сөзүңүз барбы?

–Жалган маалыматты таратуу бийликке аброй алып келбейт, ишенбестикти жаратат. Булар түшүнөбү, же түшүнбөйбү, бизге жасаган жамандыгы өздөрүнүн эле башына муш болуп тийет. Бул турмуштун мыйзамы. Муну мурдагы президенттердин тагдыры дагы далилдеди.

Мен бала кезимде, бир жолу үч-төрт бала көптөшүп, мени сабап салышты. Менин да жиним келип, “эртең досторумду чогултуп, өчүмдү алам” деп жатканымды апам угуп калып, айткан сөзү эсимден кетпейт. “Балам, бирөө сага таш ыргыткан сайын анын баарын чогулта берсең, өзүңө эле жаман, чөнтөгүн булганат, айрылат, оордук келип капа болосуң. Андан көрөкчө, сага ыртытылган ташты чогутпай талаага ыргытып сал. Ким күнөөлүү болсо, анын жазасын Кудай өзү берет” деген.

Мен мыйзамдуулукту сактап, тынч жүргөн адаммын, анткени, башыман көп нерсени өткөзүп, “элде тынчылык, мамлекетибизде адилеттүлүк, туруктуулук, өнүгүү болсун” дейм. Бирок, кээде “ала кушту атынан чакыра турган” кез болот. Ошон үчүн элге туура маалымат берип коюну эп көрдүм. Тарых ар бир адамга ким болбосун, бирдей сабак болуш керек. Түбөлүктүү эчтеке жок.

Керим МУРАС

Булак: “АЗИЯnews

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: