Menu

Тажик базарында өзбек ишкерлеринин павильондору ачылат

Бөлүшүү:

Тажикстандын Хатлон облусунун бийлиги Өзбекстандын 20 ишкери үчүн «Ходжи Шариф» базарынан үч гектар жер бөлүп берди. Өткөн жумада базарга Самарканддан расмий делегация келип, тараптар кызматташтык тууралуу документтерге кол коюшкан.

Базар жетекчилиги үч гектар аянтка өзбек ишкерлеринин ондогон павильону коюларын билдирди. Алар базардын алдындагы мейманканаларда жашап, башка ишкерлер сыяктуу эле соода жайларынын ижара акысын жана салыктарды төлөшөт.

Хатлон облусунун Соода-өнөр жай палатасынын төрага орун басары Шараф Сангов базарда Өзбекстандын бир нече аймактарында өндүрүлгөн азыктар сатыла турганын билдирди. Ал кошумчалагандай, товарлар сапаты текшерилгенден кийин гана сатыкка чыгарылат.

Өзбек павильондорунун ачылышы менен облус тургундарынын көбү азык-түлүктү жеткиликтүү баада сатып алуу мүмкүндүгүнө ээ болушары айтылууда. Анткен менен айрым эксперттер эгер коңшулар товарларын арзан баада сатса, бул ата мекендик ишкерлерге зыянын тийгизип, алар атаандаштыкка туруштук бере албай калуусу мүмкүн деп эсептешүүдө.

«Ходжи Шариф» базары 2011-жылы ачылып, 14 миң соодагерге ылайыкташкан. Анын жалпы аянты 10 гектардан ашык.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: