Европа парламентинин жаңы төрагасы болуп италиялык консерватор, Европа элдик партиясы фракциясынын өкүлү Антонио Таяни шайланды.
Ал добуш берүүнүн экинчи турунда 351 депутаттын колдоосун таап жеңишке жетти. Анын атаандашы, социалисттердин өкүлү болгон мекендеши Жанни Пителлу 282 добушка ээ болду.
Таянинин талапкерлигин евроинтеграциянын каршылаштарынын таасирин басаңдатуу үчүн консерваторлор менен коалицияга бириккен либерал депутаттар колдошту.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ