Menu

Шарабидин Токтосунов, Садыр Жапаровдун адвокаты: “Чарчабайбыз, коркпойбуз, кайтпайбыз”

Бөлүшүү:

— Сатылган соттордун 80%ына эл ишенбей калгандыгын мындан 19 жыл мурда, тээ Майрамдын доорунда, аргасы түгөнгөн байкуш Акаев айтып кеткен болчу. Коомубуздагы бүгүнкү укуктук кырдаалга караганда прокуратура органдары соттордон алда канча ашып кеткендей…

— Далил толтура. 2018-жылдын 22-августунда Баш прокурор Жамшитовдун атына арыз менен кайрылдык. Ал жерден 24-августта арыз аймактык талап боюнча Бишкек шаардык прокуратурасына, ал жерден 27-августта Биринчи Май райондук прокурору Асаналиевге: “арызда көрсөтүлгөн дооматтарды ар тараптуу,.. объективдүү кароо жыйынтыгы менен арыз ээсине жоопту 2018-жылдын 29-августунан кечиктирбестен жөнөтүүңүздү сураймын” деген талап жиберилет…

— “… ит куйругун жумшайт болуп…”

— Дал ошонунун өзүндөй элде болбодубу. Биздин арызды резонанстуу кылмыш иши катары Башкы прокуратура өзү караса болмок. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин мыйзам талабын эмес, 7-кабаттын гана буйругун аткаргандыгынын дагы бир далили — ​14 күндүн ичинде жооп берүүнүн ордуна бизге 34 күн дегенде жооп келди. Бул жерде айтып кете турган дагы бир тири шумдук — ​28-сентябрь күнү Биринчи Май райондук прокурорунун жарандык иштер боюнча жардамчысы Карасартова Рита сулуу деген баш-аягы болуп 9 томдон турган томдон турган кылмыш ишинин материалдарын, 10 беттен турган арызды, ага тиркелген дискти “ар тараптуу”, “объективдүү” карап чыгып, 1 күндүн ичинде “жооп” даярдалат. Шектүү жери — ​баш-аягы көрүнбөгөн, Чубактын кунундай чубалган бул иштин материалдарын шашпай, терең изилдеп карап чыккандын ордуна тажаган прокуратура кызматкерлери: “..С.Жапаровдун кылмыш ишинин материалдары толук окулуп чыгылып, …негиз жок болгондуктан, жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү козгоодон баш тартылды” деген жоопту арыдан-бери даярдай салышып, аны адресатка — ​менин дарегиме жөнөтпөй, негедир 29 күн сактап отурушат… Сыягы, Башкы прокуратура 7-кабаттан кошумча буйрук келип калып жүрбөсүн деп, 29 күн жоопту жөнөттүрбөй тургандыгы кашкайып көрүнүп турат. Иттики десе!..

Прокуратура органдары өзү айткандай, арызды объективдүү, ар тараптуу караган болсо арыз менен, диск менен кылдаттык менен таанышып, аттары аталган 4 күбөнү чакыртып, сурап туруп жооп даярдабайт беле?! Бул — ​укуктук көтөнзордуктун жана жеткен шермендечиликтин биздин коомдо бекем орун алып калгандыгынын далили!..

— Садыр Жапаровдун укугун сиз жетектеген 12 кишиден турган тажрыйбалуу адвокаттадын өзүнчө бригадасы коргоп келүүдө. Качанкыга чейин дайыма элди акмак эсептеген прокуратура, сот органдарынын ачыктан-ачык мыйзамсыз токтомдору, өкүмдөрү “мыйзамдуу” болуп чыга берет?

— Бул — ​жогор жактын, эл айткандай, тээ Акүйдүн буйругу экендиги көрүнүп турбайбы. Илгери ак жерден күйүп, карайлаган бирөө: “энеңди казы зордуктаса, арызыңды кимге айтасын?!” деген экен. Ошонун эле өзү болуп жатат да. Мунун баарын өз көзүң менен уламдан-улам көрө берген соң, коомчулукта кыйраткыч бир толкундоолор чыгып кетпесе экен деп, корко да баштайт экенсиң. Неге дегенде булганган, коррупциячыл бийлик өзү коомчулукту ушуга түртүп жатпайбы!

Анын үстүнө жогорудагыдай укуктук зомбулук бир гана Садыр Жапаровдун башына түшүп жаткан жок да. Мындай тагдырга акыркы 2–3 жылда 60 мекенчил, жанкүйөр азаматтар баш болгон бүтүндөй кыргыз эли туш болуп жатпайбы!..

— Жаңы бийлик бир аз бутуна туруп алсын, адилеттүүлүк болот дедик…

— Президенттик шайлоолор баштала элек 2018-жылдын августунда эле Жээнбеков: “…бул дүйнөдөгү эң айкөл пааша Атамбаевдин саясий линиясын кынтыксыз улантам” деп, коомчулукка жарыя кылып, ажого берген антын эл унуткан жок. Азыр да ошондой эле болуп жатат.

…Эмне, Садыр Жапаровдун Каптагаевди барымтага алгандыгы, аны өлтүрөм дегени, ага карата ээнбаштык кылгандыгы далилдендиби?! Жападан жалгыз жабырлануучу жана күбө болуп эсептелген Каптагаевдин кан-какшап, жүз кайталап айткан көрсөтмөлөрү эмне үчүн прокуратура жана сот органдары тарабынан эске алынбайт?! Прокуратура, сот органдары Каптагаевден шайтан оттон корккондой эле коркуп калышкандай. Эмне үчүн жаңы ачылган да жагдайлар кашкайып көрүнүп турса да, көнүл бурулбайт?! Эмне, Садыр Жапаровго жармаштырылып жаткан кылмыштар кашкайып видеого түшүп, далилденип калыптырбы?! Же Атамбаевдин “досу” Маевский деген шайтандын 1 миллион доллары Текебаевдин чөнтөгүнөн табылыптырбы?! Бул адвокаттардын гана эмес, бүтүндөй кыргыз коомчулугунун мыйзамдуу суроолору жана талаптары!..

Ушул өңүттөн караганда урматтуу президентибиз Сооронбай Жээнбеков алжыган Атамбаевдин албарсты таасиринен чечкиндүүлүк менен кутулууга тийиш! Ошондо гана бийлик органдары акырындык менен болсо да тазаланып, элдин бийликке болгон ишеними акырындап отуруп болсо да, калыбына келиши мүмкүн.

— Прокуратура органдарынын адвокаттардын арызын канаттандыруудан баш тартышы — ​силердин бул багыттагы акыркы мүмкүнчүлүгүңөрдүн сая кетишиби?

— Жок, андай эмес. Азыр Биринчи май райондук прокуратурасынын жаңы же жаңы ачылган жагдайлар боюнча иш жүргүзүүнү кайра баштоодон баш тарткандыгы тууралуу бизге берген жообуна карата даттанууну Бишкек шаардык прокуратурасына өткөрдүк. Себеби, мындай мыйзамсыз, жоопкерсиздик менен берилген жоопко биз принципиалдуу түрдө макул эмеспиз. Биз, адвокаттар, прогрессивдүү коомчулуктун алдыңкы өкүлү катары, бир кезде “демократия аралчасы” атыккан Кыргызстаныбыздын массалык саясий куугунтуктоонун аралчасына айланып кетүүсүнө түп-тамырынан бери каршыбыз.

Аңгемелешкен Номанжан АРКАБАЕВ

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: