Menu

Украинанын Жогорку Радасы депутаттарды кол тийбестиктен ажыратты

Бөлүшүү:

Украинанын Жогорку Радасы 3-сентябрда депутаттарды кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө мыйзамды кабыл алышты. Документ 2020-жылы 1-январдан тарта күчүнө кирет.

Мыйзам долбооруна 373 депутат “макул” деген добуш берди. Оппозициялык “Жашоо үчүн” партиясынан депутаттары толугу менен бул демилгени колдогон жок.

Документте парламент депутаттарынын кол тийбестигин чектөө, тактап айтканда Баш мыйзамдагы ”Жогорку Раданын макулдугу жок депутаттарды кармап-камаганга, кылмыш жоопкерчилигине тартууга болбойт” деген беренени алып салуу каралган.

Өлкөнүн Конституциялык соту былтыр июнь айында “мыйзам долбоору Конституцияга каршы келбейт” деген бүтүм чыгарган.

Украинанын Баш мыйзамына ылайык депутаттар парламентте жана андагы органдарда сүйлөгөн сөзүнө, билдирүүлөрүнө, добуш бергенине байланыштуу юридикалык жоопкерчиликке тартылбайт. Бирок мазактоо жана каралоо боюнча айыпталса, анда ага укуктук баа берилет.

Президент Владимир Зеленский жана анын “Эл кызматчысы” партиясы шайлоо алдында коррупцияга айыпталган депутаттарды оңой жоопкерчиликке тартууга жол ачкан мыйзам кабыл алууга убада берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: