Menu

Казакстанда кенчилер коронавирус жуктуруп алабыз деп коркуп, ишке чыгуудан баш тартышты

Бөлүшүү:

Казакстандын Атырау облусунда “Тенгизшевройл” мунай компаниясынын “Болочок” лагеринин кенчилери 20-апрелде ишке чыгуудан баш тартышты.

Алар вахтага коронавирус инфекциясына кабылган бейтап менен байланышта болгон башка жумушчулар келгенине нааразылык билдиришкен.

Вахта менен иштеген 500дөй жумушчу өндүрүш учурунда вирус жуктуруп алуудан коркуп, ишке чыгуудан баш тартышкан.

Жергиликтүү бийлик жумучулардан эксперсс-тест алынарын, анын жыйынтыгы 22-апрелде белгилүү болорун билдирди. Вирус аныкталбаса, алар жумушка чыгышы керек. “Тенгизшевройл” эки күндүк айлык акы сакталат деп убада берди.

Компания маалымдагандай, 17-апрелде Атырау облусунун Бирлик шаарчасынын жумушчуларынын бири коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталган. Аны менен байланышта болгон 35 киши карантинге алынып, тесттен өтүшкөн. Баарынын анализдери таза чыккан.

20-апрелден тартып Алматы жана Нур-Султан шаарларындагы өндүрүш ишканалары иштеп баштады. Казакстанда өзгөчө абал режими 1-майга чейин күчүндө болот. Өлкөдө коронавирус инфекциясынан 19 киши көз жумду, 1800дөн ашык адам илдетке чалдыкты.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: