Menu

Төрөбай Закировичтин түкүрүгү жерге түшпөй турган чагы

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров баралына келип, саясатта кадыресе таасир жарата баштады. Аткаруу бийлигине сөзү өтүмдүү, айтканы дароо аткарылганын байкайбыз. Кадр саясатына да кийлигишип, таасирдүү жетекчилерди дайындап атканы кызуу кепке айланып келет. Айтор, түкүрүгү жерге түшпөй турган чагы… Ал эми кичи мекени Ноокатта социалдык объектилерди курдурууда демилгечи болуп, спорт оюндарын уюштурууда активдүү түрдө иш алып барууда. Ток этерине келсек, мындай ооматтуу күндөрдү татыктуу пайдаланууга ыкташ керек. Адилеттүү болуп, жети өлчөп бир кесип, туура жолдон тайбашы шарт. Эмдиги жылкы парламенттик шайлоодо Төрөбай Закирович таасири күчкө айланчудай. Саясаттан жаңылбаса дагы далайга чуркайт… (А дөөлөт деген тоголок, кекирейсе желкесинен томолонуп кетет).

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: