Menu

Орусияда рейд учурунда 80 мигрант кармалды

Бөлүшүү:

Владимир шаарында өткөрүлгөн рейд учурунда Орусияда жүрүү тартибин бузганы үчүн тажикстандык 80 мигрант кармалды.

Орусия бийлиги кармалган жарандар миграциялык мыйзамдарды бузганын жана депортацияланарын маалымдады. Кармалган мигранттар көбүнчө курулуш объектилеринде жана кампаларда иштешкен.

Тажикстан Эмгек министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Иброхим Ахмад мекеме рейд учурунда кармалган жарандардын укугун коргой турганын билдирди:

– Эгер рейд учурунда мыйзамсыз кармоо фактылары аныкталса, биз мекендештерибизди коргоо үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз. Бирок кармалгандар миграциялык мыйзамдарды бузган болсо, тилекке каршы эч нерсе кыла албайбыз. Мыйзам баарына бирдей.

Эки жыл мурун Орусиядан депортацияланган укук коргоочу Каромат Шарипов Орусияда тажик мигранттарын өлкөдөн чыгаруу кампаниясы күчөп жатканына тынчсызданууда. Анын айтымында, ай сайын Тажикстанга жүздөгөн мигранттар кайтарылууда. Алардын үчтөн бир бөлүгү Орусияга кайра кирүү укугунан ажыратылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: