“Элге билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева китеп басып чыгаруу жаатында эки коррупциялык былыктары күтүүсүздөн билинип калып кызматынан кетти”, – деп билдирди бүгүн, 4-сентябрда КСДПчы депутат Рыскелди Момбеков. Бул тууралу КР Жогорку Кеңешиндеги КСДП фракциясынын катчылыгы маалымат таратты.
“Өкмөттө өнөкөт болуп калган коррупциянын бетин ачып кетти. Ачып кеткенде дагы 45 млн сомдук коррупцияны ачыктап кетти. Кыргызстандагы бир топ басмаканалардын башчылары маалымат жыйын өткөрүп, Кудайбердиеванын акыркы китептерди чыгаруудагы тендерде чоң тентектиктери бар экенин, анын жеке кызыкчылыгы болгонун ачыкка чыгарышты. Ал эми Генпрокуратура болсо кечээ акыркы окуу куралы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Мына ушул эки факт министрдин күтүүсүз кызматтан кетишине себеп болду.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ