Menu

Кубатбек Боронов парламент кайра шайланып келгенге чейин иштей турган убактылуу техникалык премьер-министр болот

Бөлүшүү:

“Баарыбызга белгилүү болгондой премьер-министр отставкага кетти. Мухаммедкалый Абылгазиев жагдайга жараша туура чечим кабыл алды деп ойлоймун. Албетте, азыр өкмөт башчы алмашпай турса жакшы болмок. Бир жагынан коронавирус пандемися менен күрөшүү, экинчи жагынан бул илдеттин экономикага тийгизген таасирин жоюу сыяктуу курч маселелер турат” – деп билдирди бүгүн, 16-июнда көпчүлүк коалициянын жыйынында анын лидери Иса Өмүркулов.

Анын айтымында, көпчүлүк коалиция кырдаалды саясатташтырууга жана андан ары курчутууга жол бербейт.

“Учурдагы кырдаалдагы негизги максатыбыз – өкмөттүн ишин аксатпай, ишмердүүлүгүн сактап калышыбыз керек. Ошондуктан, дүйнөдө, өлкөдө оңой эмес кырдаал болуп турганда, саясий туруксуздукка жол бербей, азыркы иштеп жаткан өкмөт мүчөлөрдүн, министрлердин, ведомстволордун ишин нугун бузбай улантуу менен азыркы кырдаалдан чыгып кетишибиз керек. Башкача айтканда, эң зарыл болгон өзгөрүүлөргө баруу менен жоготууларга жол бербөө үчүн өкмөт курамындагы өзгөрүүлөр минималдуу болушу керек” – деп билдирди Иса Өмүркулов.

“Азыркы келген премьер-министр парламент кайра шайланып келгенге чейин иштей турган убактылуу премьер болору баарыбызга белгилүү болуп турат. Мындай өткөөл мезгилде келген премьер эл оозунда техникалык пермьер-министр деп айтылып келет. Мындай убактылуу кызматка амбициялуу, саясий фигуралар макул болуп, тобокелдикке бара бербейт деп ойлойм. Ошондуктан, жоопкерчиликти техникалык премьер-министр кызматын аткарып келген биринчи вице-премьер-министрге жүктөп, ага мүмкүндүк берүү максатка ылайык болот. Алдыда парламенттик шайлоо өткөрүү жоопкерчилиги турат. Ошондуктан, кызматка келчү премьер-министр шайлоого аттанчу саясий топтордон көз карандысыз, баарына калыс фигура болушу керек. Кийин парламенттик шайлоо бүткөн соң, анда жеңип келген саясий топтор 5 жылга туруктуу өкмөттү, өкмөт башчыны өздөрү шайлап алат” – деди Иса Өмүркулов.

Белгилей кетсек, күн мурун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган. Бүгүн КР президенти Сооронбай Жээнбеков Абылгазиевдин отставкасын кабыл алды.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: