Menu

Эл аралык компания Кыргызстандагы көмүскө экономиканы изилдейт

Бөлүшүү:

Экономика министрлиги Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосунда Кыргызстандагы көмүскө экономиканын масштабын иликтейт.

Министрлик кабарлагандай, изилдөө жүргүзүү укугу тендерде утуп чыккан эл аралык “Pricewaterhause Coopers LLP” компаниясына тийди.

Эксперттер көмүскө экономиканын негизги себептерин иликтеп, аны азайтуунун жолдорун сунуш кылышат. Анын жыйынтыгы менен Экономика министрлиги 2019-2020-жылдарга карата иш мерчемин түзүп чыгат.

Министрлик көмүскө экономиканын көлөмү дагы эле чоң экенин белгилейт. Статистика комитетинин маалыматы боюнча 2015-жылы экономиканын көмүскө бөлүгү 23,8 пайызды түзгөн.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: