9 айдын ичинде мамлекеттик карыздарды (тышкы жана ички карыздар) төлөгөнгө 18,9 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Тышкы мамлекеттик карызга – 18,9 млрд сом,
Ички мамлекеттик карызга – 8,3 млрд сом кеткен.
Эскерте кетсек, 2019-жылдын 30-июлуна карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы жана ички) 4 млрд 453,99 миллион долларды же 310 млрд 667,54 млн сомду түзгөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ