Menu

Төлөйкан Исмаилова: “Укук коргоо органдары криминал менен жуурулушуп кетти”

Бөлүшүү:

Укук коргоочу айым сот кыз ала качкандарды үй камагына чыгарганына наарызы болду. Кылмыш топтор өз билгенин кылып калганы боюнча Төлөйкан Исмаилова журналисттерге айтып берди.

Анын айтымында, укук коргоо органдары криминал менен жуурулушуп кетип, кыз ала качкандарды минтип үй камагына чыгарып олтурушат. Мындан тышкары криминалдык топтор ачык эле милиция кызматкерлерин коркута баштаган.

“Кылмышкерлер жаза албай, бийлик алсыз болуп, өлкөбүздө кылмышкерлердин саны көбөйүп барат. Көпчүлүк учурда күч түзүмдөрү менен соттор криминалдык топтордун көзүн карап калып жатат. Акыйкатчы институту зордук-зомбулукка кабыл болгондорду коргоп, коопсуздугун камсыздап, шектүүлөр камакка алынгандай болуп, сотко жеткендей кылышы керек эле. Жапа чеккен аялзаты адилеттүүлүк таппай келишет. РИИБиде зордукталган Бурулайды эле мисал кылсак болот”, – дейт Төлөйкан Исмаилова.

Эскерте кетсек, Жети-Өгүз районунун ИИБисине Токмок шаарынын тургуну кайрылып, жаш жигиттер 19 жаштагы кызын ала качканы боюнча арыз жазган. Арыз жазган киши бул тууралуу кабарды укканда эле Көлгө жөнөп, кызын Жети-Өгүздөгү айылдардын биринен тапкан. Кызын алып чыгып, дароо милицияга арыз менен кайрылган.

Кылмыш иши козголуп, ал Токмок ШИИБисине өткөрүлгөн. Шектүү катары көлдүк жигиттер – 27 жаштагы Т.М. жана 20 жаштагы Д.И. камакка алынган. Бирок сот аларды үй камагына чыгарып жиберген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: