Бүгүн, 5-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги Канат Жумагазиев 28-августта Жал кичи районунда эки кишини мыкаачылык менен сабаган шектүүлөргө эл аралык издөө жарыяланганын билдирди.
Бүгүн Ак үй алдына митингге чыккандарды кабыл алып, Канат Жумагазиев бул кылмыш ишин Ленин районунан шаардык милицияга алынып, 7 топ түзүлүп, алар азыр кылмышка шектүүлөр Бапышов менен Сейитбековду издеп жатышканын, алтургай эл аралык издөө жарыяланганын билдирди. Андан кийин журналисттердин ар кандай суроолоруна жооп берди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ