Menu

Эмил Токтошев, ЖК депутаты: “Өкмөттү таратканга азырынча негиз жок”

Бөлүшүү:

-Нарында контейнерден мектеп ачылганы аябай талкуу болуп жатат. Бюджет тармагы боюнча комитет төрагасы катары айтсаңыз, жаңы мектеп курууга казынадан каражат бөлүүгө шарт жокпу?

– Нарындагы контейнерден мектеп ачып окуучуларды окута баштаганы коомчулукта сын пикирлерге кабылды. Мен да кошулам ал сындарга. Азыркы XXI кылымда, аймактарды өнүктүрүү жылында контейнерлерде билим алганга жол бербешибиз керек. Бул ишке билим берүү жана илим министрлиги, өкмөттөгү тийиштүү кызматтар жооп бериши керек.

-Министр айым отставкага кетпедиби…

– Туура. Бул иш министрдин түздөн-түз жоопкерчилигиндеги маселе болчу. Кайсы аймакта авариялык абалдагы мектеп бар, чуркап, каражат бөлдүртүп, жаңы мектептерди курдуртуш керек.

– Парламент жайкы эс алуудан келди. Сентябрь башталганда “саясат кызыды” деген түшүнүк орноп калган. Ишти эмнеден баштайсыздар?

– Биринчи сессиябызды баштадык. «Жөжөнү күздө сана» дегендей, эми өкмөттөн бюджеттин планынын толушу, инвестициялардын келиши, соцобъектилердин курулуштары боюнча отчет алып, иш баштайбыз. Эгер жылыш болбосо, пландар толбосо, экономиканын өсүүсүндө төмөндөө болуп жаткан болсо, екмөттүн жоопкерчилигин караганга даярбыз. Ансыз өкмөттү таратканга азырынча негиз жок.

– Парламент тарабаса, анда шайлоого туура бир жыл бар. Бирок, камылга азыртан башталгандай. Кийинки шайлоого кайсы партиядан барайын дейсиз?

– «Шайлоого карата камылга башталды» деген менен мен аны байкаган жокмун. Азырынча депутат катары милдетибизди аткарып, иштеп жатабыз. Убакыт жакындаганда, ошондо көрөбүз. Сунуштар деле азырынча жок.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: