Menu

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жумуш сапары менен Нарын облусунда жүрөт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова жумуш сапары менен Нарын облусунда жүрөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Вице-премьер-министр сапарынын алкагында мобилдик үйлөрдө балдар убактылуу окуп жатышкан Кеңеш айылына барып, окутуу процесси менен таанышат.

Белгиленгендей, бул айылда жакынкы мезгилде эски авариялык абалдагы мектептин ордуна жаңысынын курулушу башталат.

Мындан тышкары сапар учурунда Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухамедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы боюнча транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов менен биргеликте Ак-Талаа районунда жолдордун бетин асфальт-бетондоо жана Баетов айылынан Кош-Дөбө айылына чейинки тилкеде үч көпүрөнү оңдоо талабы менен тынчтык митингине чыккандар менен жолугушат.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча, мамлекеттик маанидеги «Баетов–Макмал» унаа жолу Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жайгашкан. Жалпы узундугу 134 км. Бул жол Кара-Бүргөн, Коңорочок, Чолок-Кайың, Жергетал жана Кош-Дөбө айылдары аркылуу өтөт. 2018-жылы бул жолдо кара шагыл төшөө иштери жүрүп, 2019-жылдын апрелинен бери ай сайын жолду профилдөө жүргүзүлүп келет. Аткарылган иштердин суммасы 1200,0 миң сом.

Белгилей кетсек, 90 чакырым узундуктагы «Баетов –Макмал» унаа жолун асфальт-бетондоо үчүн 630 млн сом талап кылынат.

Мындан тышкары «Баетов–Макмал» унаа жолунун 74,6 чакырымындагы Ала-Буга дарыясындагы көпүрө жаан-чачын учурунда суу жеп кетүү абалында турат. Анткени анын бир тарабындагы жер кумдуу келет, демек, дамба куруп, жээк бекемдөө иштерин жүргүзүү керек.

Тартыштыкка байланыштуу республикалык бюджеттен дамбанын курулушуна каражаттар бөлүнгөн эмес жана аны тургузуу иштери 2019-жылы башталбай калган.

Белгиленгендей, 10-чакырымда (Ак-Чий айылы) металл-бетон түтүк орнотулган, 2019-жылы июнда нөшөрлөгөн жамгырдан кийин түтүктүн капталдарын суу жеп кеткен. Андан кийин оңдоо-калыбына келтирүү иштери жасалган. Ушул эле жолдун 24-чакырымында Жаман-Даван дарыясындагы көпүрөнүн суу алып кеткен эки габиондук торчолорун оңдоо үчүн 500 миң сом сарпталган.

Учурда бул жолдун 68-чакырымындагы (Жергетал айылы) авариялык көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн кошумча 5 млн сом зарыл.

Бүгүнкү күнү Кара-Бүргөн, Коңорочок, Чолок-Кайың, Жергетал жана Кош-Дөбө айылдарынын жашоочулары 90 чакырым узундуктагы Баетов айылынан Кош-Дөбө айылына чейин 90 чакырым узундуктагы жолдун бетине асфальт-бетон төшөө өтүнүчү менен чыгып жатышат.

Муну менен бирге вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Нарын облусуна жумуш сапарынын алкагында Кочкор районунда жаңы курулган мектептин ачылышына катышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: