Өзбекстанда дары-дармектерди мыйзамсыз сатууга жол бербөө үчүн бардык дарыканаларга видеокөзөмөл камералары орнотулат. Тиешелүү токтомго 6-сентябрда президент Шавкат Мирзиёев кол койду.
Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 2020-жылы 1-январдан тарта айылдардагы үй-бүлөлүк эмканалардын аймагында жайгашкан дарыканалардан башка бардык дары-дармек сатуучу жайларга видеокөзөмөл камералары коюлат.
Мындан тышкары 2019-жылдын 1-декабрынан тарта таасири күчтүү каражаттардын тизмесине кирген дарылар атайын дарыканаларда, маселен, наркотикалык жана психотроптук заттарды сактоого жана сатууга уруксаты бар дарыканаларда гана сатылат.
Муну менен катар Өзбекстан 2021-жылдын 1-январынан тарта рецепттерди электрондук түрдө берүү системасын ишке киргизүүнү пландоодо.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ