Menu

CNN: АКШ Орусиядагы тыңчысын жашыруун алып чыгып кеткен

Бөлүшүү:

Кошмо Штаттар 2017-жылы орус өкмөтүнүн аппаратында иштеген тыңчысын Орусиядан жашыруун түрдө алып чыгып кеткен. Бул тууралуу CNN телеканалы Дональд Трамптын администрациясындагы өз булактарына таянуу менен билдирди.

Мындай чечим кабыл алууга түздөн-түз тиешеси бар өз булактардын биринин айтымында, Трамптын айланасындагы айрым кишилердин жашыруун маалыматтар менен иштөөдөгү кесипкөйлүгүнүн күмөн жаратышы тыңчыны Орусиядан алып кетүүгө түрткү болгон. CNN америкалык тыңчынын ачыкка чыгып калуу коркунучун жараткан кемчиликтерге бир нече сапар жол берилгенин ырастоодо.

Тыңчыны алып чыгып кетүү чечими 2017-жылы май айында, Трамп Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Орусиянын АКШдагы ошол кездеги элчиси Сергей Кисляк менен жолугушкандан кийин кабыл алынган.

Ал кезде Борбордук чалгын башкармалыгынын директору Майк Помпео болгон. Ал Трамптын администрациясында иштеген кишилер менен маектешкенден кийин Москвадагы булактан алган көптөгөн маалыматтарды алар менен талкуулоо опурталдуу деп эсептеген. Жашыруун агентти алып чыгып кетүү аргасыз кадам болгон.

АКШнын мамлекеттик катчысынын өкүлү бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Ак үйдүн басма сөз катчысы Стефани Гришам: “CNN телеканалынын билдирүүсү жаңылыш гана эмес, кишилердин өмүрүнө коркунуч туудурушу да мүмкүн”, – деди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: