Menu

Самарканд облусунда келиндер үйлөрүндө көз жарууда

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Самарканд облусундагы эки айылды тейлеп келген төрөт үйү жабылып, аймактагы кош бойлуу аялдар үчүн олуттуу көйгөйлөр жаралууда.

Облустук саламаттык сактоо башкармалыгынан билдиришкендей, айылдагы төрөткана адискөй кызматкерлердин жана медициналык жабдуулардын жетишсиздигинен улам жабылган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, айыл райондун борборунан 30-40 чакырым алыстыкта жайгашкандыктан, кош бойлуу келиндер көпчүлүк учурларда үйлөрүндө көз жарууга аргасыз болушат.

Айылдыктар төрөткананы кайра ачып берүү өтүнүчү менен мамлекеттик органдарга кайрылып, Самарканд облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушкан. Бирок алар төрөт үйүнүн ачылар-ачылбасы боюнча так жооп беришкен эмес.

Расмий маалыматтарга караганда, аталган төрөткана тарабынан тейленип келген Мойлисой жана Куксой айылдарында 35 миң адам жашаса, алардын тогуз миңин бойго жеткен кыз-келиндер түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: