Menu

Сооронбай Жээнбеков Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин төрайымы Элмира Барыктабасованы кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-сентябрда, Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин төрайымы Элмира Барыктабасованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кеңештин ишмердүүлүгүнө байланыштуу актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков судьялар үчүн тандоо сынагынын сапатын жогорулатуунун маанилүүлүгүн өзгөчө баса белгиледи.

Ал белгилегендей, сот-укуктук реформанын башында адамдык фактор турат. Буга байланыштуу судьялык кызматка бош орундарга талапкерлерди кароодо талапкерлердин кесипкөйлүгүнө гана эмес, алардын адеп-ахлагына, ыймандуулугуна да көңүл бурууга чакырды.

Мамлекет башчысы ошондой эле айрым тоскоолдуктарды алып салуу максатында судьяларды тандоо процессин жөнгө салуучу мыйзам чыгаруу базасын жакшыртуу зарылдыгына көңүл бурду.

Президент Сооронбай Жээнбеков катуу талаптар Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин курамына дагы коюлуп жатканын кошумчалады, анын ишмердигинин толук ачыктыгын камсыздап, бардык мүмкүн болгон коррупциялык коркунучтарды жокко чыгаруу зарыл.

Элмира Барыктабасова Мамлекет башчысына сот-укуктук реформаны ишке ашыруунун алкагында Кеңештин ишмердиги, аткарылган жумуштардын натыйжалуулугу жана келечек пландар жөнүндө маалымат берди.

Белгиленгендей, 2017-жылдын декабрынан баштап, 2019-жылдын сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизилген 171 судьялык кызматына талапкерлердин ичинен 63 судьянын талапкерлиги негиздүү себептер менен четке кагылып, Судьяларды тандоо боюнча кеңешине кайтарылып берилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: