Кечээ, 18-ноябрда Кант шаарында Хонда Степвагон авто унаасы менен жүк ташуучу Камаз үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп, үч адам каза болду.
Унаалардын кырсыкка учураганы видеого тартылып калган. Видеодон көрүнгөндөй, Honda Stepwagon унаасынын айдоочусу светофор кызыл түстө күйүп турганын карабай, катуу ылдамдыкта келе жаткан. Ал учурда жашыл түстө жолдон “Камаз” унаасы жүрүп бара жаткан. Натыйжада, Honda Stepwagon унаасы “Камазга” сүзүлүп, жолдун ортосундагы бетон тосмолорго капталынан барып кагылан. Унаа чачырап, анын ичиндеги жүргүнчү чыртка ыргып кеткен.
Бир күн мурун, кырсыктын кесепетинен үч адам ошол жерде көз жумганы, дагы бешөө оор абалда ооруканага жеткирилгени кабарланган. Бүгүн дагы бир жүргүнчү – 13 жаштагы бала ооруканада көз жумганы белгилүү болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ