Menu

Элчини – “агент влиянияга” айлантуу оңой!?…

Бөлүшүү:

Кыргыз саясатында тынымсыз жана майда быкы-чыкылуу саясий күрөштөрдө диарея боло берип, биротоло булганып, бошоп бүткөн артын кайсыл бир күчтүү, таасирдүү державага такап алып, “Мени АКШ колдойт”, “Мени Россия колдойт”, “Мени
Казакстан колдойт” деген сыяктуу (кудайга шүгүр, азырынча, “мени Кытай колдойт!” — ​деп айткандарга чейин жете элекпиз!) билдирүүлөрдү ачык жасашкан фигуралар арбын учурайт. Мындай комикалуу, түпкүлүгүндө ошол саясатчынын тек гана
сабатсыз эле эмес, мекенчилдик-патриоттук сезимдерден Кудай такыр куржалак койгон, бийлик дегенде өз ата-энесин да, элин да сатып кете бере турган бечара адам экендигин гана тастыктай турган фактылар айрыкча парламенттик жана президенттик шайлоолор алдында күч алат…

Албетте, расмий түрдө мунун канчалык деңгээлде чындык экендигин аныктоо кыйын, а бирок, массалык-маалымат каражаттарында таркап кеткен билдирүүгө караганда, Россия тарап Кыргызстанга экс-тышкы иштер министри, экс-оппозиционер (азыр болсо — ​кечээ өзү Жогорку Кеңештин комитетинде мойнуна алгандай, — “нейтралдуу-калыс” боло калган) Аликбек Жекшенкуловдун талапкерлигин тандап алып, “дал мына ушул кишини бизге элчи кылып жибергиле!” — ​деген имиш… Болгондо да, дал ушундай-буйрукчул-ультимативдүү мүнөздө…

Жогорудагы маалыматты чындыкка абдан жакын турат деп эсептешке болот. Себеби, Кыргызстанга таасири өтө күчтүү болуп келе жаткан эки супердержавага элчилердин дайындалышы менен бирге, Кыргыз Республикасынын кийинки президенттик
шайлоосуна дагы тымызын даярдыктар алдын-ала башталып, президенттикке болочок талапкерлерди сыноо, таптоо-даярдоо иштерине старт берилди. Тагыраак айтканда, Кыргызстандагы кийинки президенттик шайлоо күрөшү дал ушул эки элчинин ортосунда (а тагыраагы, АКШ менен РФнын өз ара “сфера влияниясы” үчүн күрөшүүсүнүн фонунда) жүрүшү күтүлөт.

…Жаңы жыл саясаты бийик нотадан башталганы жалпы коомчулукка оптимисттик маанай тартуулайт: экс-президент Роза Отунбаеванын жыл тогошор алдындагы абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу тууралуу ортого түшкөн өтүнүчү Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан эч каралбай туруп, чечкиндүү түрдө, дароо четке кагылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн тигил же бул саясий маселе боюнча сөздү бир гана ирет сүйлөгөн адам экендигин бул ирет да ачык тастыктады. Мындай терс жооп алып калышы толук ыктымал экендигин алдын ала сезгендиктен, (президенттин жыл жыйынтыгы боюнча пресс-конференцияда айткан сөзүнөн улам), куу саясатчы Роза Отунбаева өз өтүнүчүн бул ирет парламенттик фракциялардын колдоосу аркылуу бекемдеп, саясий акциясына кошумча салмак берүүгө тырышты. Жыйынтыгында, “Ата-Мекен” фракциясынын жеке кызыкчылыктарын эске албаганда, экс-президент айымга кошулуп, парламенттик фракция лидерлери баары коомчулук алдында “мыш” болуп олтуруп калышты.

Бир караганда бул ырайым кылуудан баш тартуу чечими күтүлгөн жана демейки кадамдай көрүнгөнү менен, иш жүзүндө президент Сооронбай Жээнбеков үчүн оңой эмес оор чечим болгондугу түшүнүктүү. Себеби, экс-президент айым менен парламенттик фракция лидерлеринин кайрылуусу саясий-психологиялык кысым болуп гана тим болбостон, жалпы коомчулукка апелляция жасоо аракети менен коштолгондугу маалым. Ким билет, балким алар президент мындай “коллективдүү” кысымга туруштук бере албай, аргасыздан чегинүүгө барууга мажбур болуп, мурдагы айткан сөзүнөн кайтып, Текебаевге ырайым берип жиберүү жөнүндө Жарлык чыгарып жиберет деп ойлошкондур!?

Мыйзамды сыйлоо катардагы жарандар тарабынан норма катары, ал эми аморалдуу адамдар үчүн — ​кылмыштуу кадамга бардырбай турган, коркутуп-сестенткен барьер катары кабылдана баштай турган учур да келер. Антпесе, ачык эле “мыйзам деген — ​буйлалаган төө” деп айтып, каалагандай тайраңдай башташкандарга өлкө толуп кеткен сыяктанган. Өз күнөөсүн моюнуна албай, сот аныктаган өкүм мөөнөтүн эң соңку күнүнө чейин олтуруп чыгууга даярмын деп жаткан саясатчы Текебаевди “саясий туткун” деп атап жибергендер да болду. Асыресе, кылмышкер дегенге караганда алда канча ардактуу мындай наамга татыктуу болуш үчүн, бери эле болгондо азыркы бийлик саясатына оппозиционер болушу шарт эле го?! Андай аракеттердин айрым бир белгилери Текебаевде 2016-жылдын соңунда, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Конституциялык кеңештин курамына (кайсыл бир европалык өлкөнүн Конституциясынан плагиаттык көчүрмөлөнүп алганына карабастан, “Конституциянын атасы” деп аталып жүргөн адам!) кирбей калган кезде гана, анын жеке таарынычтары жана амбициясынан улам ачыкка чыккандай болгон. Ал эми чуулгандуу “миллион долларлык афера” тууралуу анын фракциялаш-оппоненти Өмүрбек Абдрахманов андан эки-үч жылча мурда эле парламент трибунасынан “ырдай” баштаган.

Экс-президент жана экс-элчи Роза Отунбаеванын иниси Болот Отунбаевдин Россия Федерациясындагы элчилик миссиясынын мөөнөтү аяктап, ал дароо эле Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды. Айрым адамдарда “Бул эмне дегендик? Эми
башкалары бүтүп, АКШдагы элчилик дагы бир үй-бүлөнүн вотчинасына айланып бара жатабы?“– деген күмөндүү суроо жаралышы да мүмкүн.

Ушул жерден окурмандардын көңүлүн кыргыз тилдүү коомчулуктун көңүлүнөн дээрлик толук бойдон сырткары калган бир кызыктуу китепке бургубуз келет. Мурдагы оппозициялык “Лица” аттуу газетанын башкы редактору, кийинчерээк саясий качкын макамын алып, АКШда бир топ жыл жашап келген (жана да, мурдараак Жогорку Кеңештин спикери Өмүрбек Текебаевдин пресс-катчысы болуп иштеген) белгилүү орус тилдүү журналист Бермет Букашева “апрель революциясынан” кийин “Мира” аттуу саясий романын жарыялаган. Андагы негизги сюжеттик линия (президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлтүрүлүшүнө өтө үндөш окуя) жана негизги каармандар реалдуу турмуштан алынып, алардын прототиптери кимдер экендиги ачык көрүнүп турат. Ал тургай, экинчи-үчүнчү пландагы, жада калса эпизоддук каармандарына чейин алардын ким экендигин эч кандай боолголоп олтурбай эле, дароо таамай табууга болот.

Өзүнчө кеңири сөз кылууга татыктуу бул китепти азыр бир гана аспектиден эске салабыз. СССРдин эң акыркы КГБ төрагасы Владимир Крючков “агенты влияния” деген терминди активдүү лексиконго айланткандыгы маалым. КПССтин генералдык секретары болгон соң, күтүүсүздөн эле “неодемократ” болуп чыга келген коммунист (демократизм, чын-чынына келгенде, ар бир инсандын өзүнүн — ​ал коммунистпи, же либералбы, айтор, тубаса жана туруктуу натурасы эмеспи) Михаил Горбачевдун ставленниги — ​КГБнын эң кийинки төрагасы Вадим Бакатинге россиялык спецслужбачылар азырга чейин тиш кайрап: суперсовременный технологиялык сырларды АКШга ачып бергендиги үчүн али да болсо мекен чыккынчысы катары мыйзам чегинде жазалоо керек дешет…

Эл аралык саясатта мамлекеттик деңгээлдеги лоббирование (тигил же бул өлкөнүн кызыкчылыгына тымызын иштөө) айрым өлкөлөрдө мыйзам чегинде кылмыш катары жазаланат. Букашеванын романындагы башкы каарман (Роза Отунбаева прототиби
сыяктанган) Мирага АКШ бийлиги “өз кишибиз” дешип, тымызын колдоо көрсөтүп турушат.

Айрымдар Текебаевди бошотууда Отунбаеванын жеке кызыкчылыгы бар деп айтып жиберүүгө да үлгүрүштү. Бир жагынан, 2016-жылдагы Эгемендик Күнгө арналган борбордук аянттагы фарс-комедиялуу, психологиялык оор атмосфераны (Атамбаевдин “апрель революциясындагы” банк ячейкаларын, “көркоолорду”, Отунбаеванын экс-президент статусу күмөндүүлүгүн айтып, ал болсо башын жерге салган бойдон, үн-сөзсүз, бүт өлкө алдында эле эмес, бул салтанатты теле аркылуу карап турушкан дүйнө жүзүнүн алдында шерменде болгон сымал, салтанаттан кетүүгө мажбур болушун) эске сала турган
болсок, Отунбаева чын эле Текебаевди чыгаруу менен, аны Маевскийдин колу менен түрмөгө тыккан Атамбаевден өч алууну көздөгөндөй сезилет… А чынында, дүйнөлүк геополитиканын призмасы аркылуу, тереңирээк караганда, Кыргызстанда АКШ РФ менен геополитикалык кызыкчылыктары боюнча тирешип калган кезде, Батышчыл Текебаев сыяктуу саясатчылар Отунбаеваны (же, эми мындан ары “Отунбаевдерди” деп айтабызбы?) жалгызсыратпоо үчүн абдан керек. Анткени, “Владимир Путин менин досум” деп эсептеген экс-президент Алмазбек Атамбаев Гансини биртоло жаап, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу үзүлүп калган.

Президент Жээнбеков жаңы жыл алдында АКШнын Кыргызстандагы элчисин кабыл алып, өз ара кызматташуу боюнча мурда жокко чыгарылган макулдашуулар кайра түзүлөрүн тастыктады. Күз бою ар кандай Коомдук уюмдар, фонддор, өкмөттүк эмес
уюмдар Кытайдагы кыргыздар маселесин курчутууга абдан катуу жан үрөштү… Мындан бир нече жыл мурда атактуу жазуучубуздун карындашынын фондунда иштеген бир кызматкеринен анын АКШнын жараны экенин угуу мен үчүн абдан таң калычтуу, карама-каршылыктуу жана да ошол эле учурда ар кандай жагымсыз ассоциацияларды жараткан… Кыргызстандын символдорунун бирине айлана баштаган фигуранын бир тууган карындашы башка өлкөнүн жараны болуп, түпкүлүгүндө ошол өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн иш жүргүзүшү мүмкүн экендиги, учурдагы дүйнөлүк геополитикалык татаал оюндардын фонунда көңүл бурууга деле арзыбаган, майда бир нерсе катары каралышы мүмкүн.

Арийне, ар кандай коомдук фонддор, жарандык жана саясий уюмдар өз ишмердигин жүргүзүү үчүн чет элдик булактардан каржылоо алып, ар түрдүү максаттарга жумшалуучу (узак мөөнөттүү программасы боюнча — ​дал ошол грант бөлүүчүлөрдүн
кызыкчылыктарына багытталган) гранттарды алып жатышы кооптуу суроолорду жаратпай койбойт. Демократияны жамынган чуулгандуу митингдерде ар кандай коомдук уюмдар, фонддор жана НПОчулар ашкере активдүү болуп келе жатышкандыгын эске ала турган болсок, АКШнын тээ алыскы перспективаны көздөгөн геополитикалык оюндарынын планы боюнча алганда, Кытай кыргыздары эч кандай деле таасирдүү ролду ойной алышпайт. Аларга салыштырмалуу, кытайдагы уйгур диаспорасы Ирак, Сириядагы курд улутунун “ролун” аткарышы толук мүмкүн.

Ар кандай деструктивдик мүнөздөгү иштерди жүргүзүшкөн НПОчулардын арам ойлорун жана биздин өлкөнүн кызыкчылыктарын өз пайдасы үчүн сатып жиберүүгө да даяр турган тилектерин таш каптырган дагы бир орчундуу реалдуу факты бар — ​бул көп улуттуу Кыргызстанда жашаган уйгур улутунун диаспорасынын экстремизмден алыс болуп, жалпы интернационалдык жашоого толук интеграцияланып кетиши. Кытай Эл Республикасында “кыргыз диаспорасы” деген аты эле болбосо, Кытайдын масштабында саны өтө чектелүү — ​бар болгону 160 миң киши! Бирок, дал ушул факторду Кыргызстандагы коомдук-саясий абалды дестабилдештирип, Кытайга карата негативдүү маанайды козутуу үчүн жогорудагыдай шектүү күчтөр үчүн илинчек катары колдонушууда…

Эл аралык саясат жана учурдагы актуалдуу дүйнөлүк геополитикалык өңүттөн алып караганда, президент Сооронбай Жээнбековдун кытай-кыргыз мамилелери, жакынкы коңшу мамлекеттер жана алыскы стратегиялык партнерлор менен кызматташуу боюнча тең салмактуу, ырааттуу жана олуттуу иш жүргүзө баштагандыгы — ​анын президенттик кызматтагы алгачкы жылындагы эң абройлуу жетишкендиктеринин бири болуп саналат.

Мамлекет башчысынын ырааттуу жүргүзгөн саясаты алдында, Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн жана гуманисттик идеяларды жайылтуу багытында жакынкы коңшулардан тартып, мындай багыттагы саясаттагы алыскы өлкөлөр менен да тыгыз кызматташууда ишенимдүү партнер болуп бере аларын иш жүзүндө тастыктай баштады. А эң башкысы — ​мындай саясат Кыргызстандын алыскы келечегине жана жакынкы жылдардагы өнүгүп кетүү аракеттерине шайкеш келип турат.

Ишенбек Муртазаев

Булак: «Жаңы Ордо»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: