Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, республика боюнча 19-ноябрдан 20-ноябрга чейин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 199 кылмыш, 137 жоруктар каттоого алынган.
Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ички иштер органдары тарабынан кылмыштарды аныктоо, бетин ачуу жана бөгөт коюу боюнча иштер уланууда.
Республика аймагында укук бузууларды алдын алуу жана кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ