Menu

Жаӊы депутат Бектен Сыдыгалиев парламентте ант берип, ыйгарым укуктарын аткарууга киришти

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Сыдыгалиев Бектен Качкыналиевич ант берип өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Ал жакында өз ыктыяры менен депутаттык ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда токтоткон Насыр Мусаедин ордуна келди. Бул тууралуу

Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров жалпы депутаттардын атынан Бектен Сыдыгалиевди депутат болуп келиши менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Бектен Сыдыгалиев жогорку билимдүү, буга чейин Улуттук коопсуздук тармагында ар кандай жооптуу кызматтарды иштеп келген.

Белгилей кетсек, «КР ЖК депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊы депутат парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: