Өзбекстанда Аскердик-техникалык институттун, ИИМ академиясынын жана Жогорку аскердик-бажы институтунун курсанттарынан пахта теримге өз эрки менен катыша тургандыгы жөнүндө тилкаттарга кол койдуруп алып жатышат.
Студенттер тилкатка 15-сентябрдан кийин Сырдарыя облусундагы пахта талаасына «өз каалоосу менен барууга» макул экенин жаздырып, кол коюуга мажбурлап жатышканын билдиришүүдө.
«Мындай буйрукту институт жетекчилиги берди. Курстун старосталары тилкатта эмне жөнүндө жазышыбыз керектигин айтып, кол койдуруп алышууда», — деди ИИМ академиясынын курсанттарынын бири.
Жогорку аскердик-бажы институтунун студенти пахта теримге чыгуу тууралуу жазып берген тилкатынын көчүрмөсүн көрсөттү:
«Институттун Сырдарыя облусундагы Пахта штабы бекиткен ички тартипти бузбоо, жетекчилердин буйруктарына баш ийүү, тапшырмаларды өз учурунда аткаруу, спирт ичимдиктерин ичпөө, баңгизат жана психотроптук заттарды колдонбоо, транспорт каражаттарын башкарбоо, тамеки чекпөө жана от жакпоо милдеттенмелерин алам», — деп жазылган тилкатта.
Ар бир курсантка жогорудагы пункттардын бири бузулган учурда жазага тартылып, окуудан да чыгарылышы мүмкүн экени эскертилген.
Курсанттар пахта теримге өз каалоолору менен барууга макул экендиги тууралуу тилкаттарды жазып жатканын ИИМ академиясынын өкүлү ырастады.
«Быйыл пахта терүүгө форма кийгендердин бардыгы, анын ичинде биздин курсанттар дагы чыгышат. Бул окуу жайдын буйругу эмес, жогорку жактыкы. Биздин курсанттар пахта теримге өткөн жылы дагы чыгышкан», — деди академиянын өкүлү.
12-августтагы видеоселектордун жыйында өлкө президенти Шавкат Мирзиёев пахта терүү өнөктүгүнө мектеп окуучуларын, студенттерди жана бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин чыгарууга тыюу салган. «Эсиңерде болсун, быйыл пахта терүүгө бир дагы мектеп, институт жана бюджеттик мекеме чыкпайт», — деп билдирген мамлекет башчы.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ