Menu

Бишкек мамлекет борбору эмес, соода борборуна айланганбы?

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын жылдык бюджети 8 млрд. сомдун айланасында деп айтылат. Шаардыктар төлөгөн салыктын баары эле шаардын бюджетине түшпөйт. Бирок мындан он эсе көп жүз миллиардаган акчалар жалаң борбордо айланат. Көмүскө экономиканын ири өлчөмү да Бишкекте. Ошондуктан шаарды жетектеген мэрден көп нерселер көз каранды. Эгер айылда 3-4 чарчы жердин баркы билинбесе, Бишкекте алакандай жердин наркы миңдеген долларга бааланат. Борбор жалпы мамлекеттин деңгээлин чагылдырат. Кыргызстанга келген чет элдиктер борборду көрүп андан соң жалпы мамлекетке баа берет. Демек өлкөнүн жүзү, экономикасы, маданияты, күн кечирген жашоосу борбор

Чоң базарды элестеткен бүгүнкү шаар

Алыска барбайлы, бүгүн совет мезгилиндеги Ашхабад менен
азыркы Ашхабаддын асман менен жердей айырмасы бар. Астана көз алдыбызда жоктон куралып, азыр Борбор Азиядагы эң мыкты борборлордун көч башында турат. Ташкент Европа шаарларынын деңгээлине жетти. Дүйшөмбүдө да улттук колоритти чагылдырган ондогон кооз имараттар салынды. Ал эми бир кезде «Жашыл шаар -Фрунзе» аталган Бишкектин бүгүнкү абалы өзүбүзгө маалым. Өзгөлөр кандай баа берери белгисиз. Себеби бирөөнүн жерин эч ким жамандабайт. Эгер Астана, Ашхабад, Ташкент саргарган эрме чөл, ээн талаада жайгашса, Бишкек чокусунан кар кетпеген, жашыл арчалуу, мөлтүр таза суулар аккан тоонун этегинде жайланышкан. Жараткан бул жагынан жаратылыш көркүн Бишкектен аяган эмес. Эгемендүүлүк мезгилинен бери борбор калаага кимдер гана мэр болбоду. Баш-аягын санасаң азыркы шайланган Албек Ибраимов 25 жыл аралыгындагы
он төртүнчү мэр экен. Эгер акыйкат бааласак Бишкек Нариман Түлеев, менен Медетбек Керимкулов мэр болуп турганда бир аз өзгөрүлгөнү сезилген. Ашкере өнүгүп кетпесе да шаарды бирөө башкарып жатканы элге дайын болгон. Башка
мэрлердин келгени менен кеткени эле угулбаса шаар баягы эле таштанды көйгөйүнөн арылбай кала берди. Бирок жаңы курулуштар Астанада эле эмес, Бишкекте да салынган. Биздин жетишкендиктердин көч башында жолду тарыткан базарчалар, ири соода борборлору, кафе, ресторан, тойканалар, андан ары ашкана менен чайканалар, кечки клубдар (турак жайдын) мектеп менен ооруканалардын жанында жайгашкан мунай куючу станциялар. Унаа оңдоочу СТОлор, аларды жууп тазалаган жайлар, деги койчу санай келсең баары бар. Жогорудагы жетишкендиктерибиз Бишкектин ар бир көчөсүндө жайнайт . Керек болсо жүз орундуу төрт ресторан бир көчөдө жанаша жайгашкан. Шаарга көрк берип, кооздоп турган да ошолор. Бирок жогорудагылардын баарын, акыркы кездеги сансыз көп кабаттуу үйлөдүн курулуштарын, павильондон тарта ресторандарга чейинкисин акыл таразасына салсаң ошонун баары мэриянын элегинен өткөн. Аларга мэр болуп иштегендер кабардар болуп, уруксат кагазын берген. Албетте, екер эмес.
Мердин башкы милдети таштанды чыгаруу менен өлчөнгөндө
Бишкек шаарын жетектеген бардык мэрлердин тушунда жалаң
соода тармагындагы курулуштар салынды. Бүгүн киши акылы жетпеген күтүүсүз жерлерге он кабаттуу курулуш имараттары салынууда. Мисалы, Ош базарынын айланасына төрт соода комплекси салынды. Анын бири бир кездеги «Кыял» өндүрүштүк ишканасынын жанындагы арчаларды кыйып, «Беш-Сары» соода комплексинин экинчи имаратын тургузду. Бул үчүн эч ким унчуккан жок. Андан ары эзелтеден эл эс алган Чүй-Павлов көчөлөрүнүн кесилишиндеги бак арактардын арасын дагы бирөө кафеге айлантып алды. Ал эми ЦУМ менен цирктин тегерегинде да бир нече жеке менчик, оода комплекстери, офистерге ижара үчүн берилчү көп кабаттуу үйлөр салынган. Жакында Эмен паркынын чок ортосуна да кандайдыр бир имарат салынса ага деле таң калуунун кереги жок. Ушундай эле соода комплекстери түрк ишкерлерине да берилген. Кыскасы, санай берсең аягы түгөнбөйт. Кызыл Аскерден тарта чыгышы Аламүдүн менен 12-кичи-районго, түштүгү Жалга, түндүгү Дордой базарына чейин ушундай. Буларга ким уруксат берди, кандай зарылдыктан, кандай жагдайда берилди бул башка маселе. Макул, соода комплекстери курулсун, бирок азыркыдай эмес, ирээти менен көрктүү, шаардыктарга залакасы тийбегендей болсун, жолдор кенен каралып, келечеги менен пландаштырылсын. Ушулардын айынан бүгүн Бишкекте балдар ойноочу жай эмес,кенен-кесирит жетелеп жүргөнгө болбой калды. Ал эми шаар тургундары мэрдин милдетин бир гана таштанды чыгарат деп түшүнүп алган. Анын башка да милдеттери бар экени тууралуу кабарлары жок. Бир сөз менен айтканда, биз 25 жылда өзгөлөрдү таң калтырчу, кыргыздын жүзүн, маданиятын чагылдырган, улуу эл экенибизди ырастаган бир да ири курулуш жайсай албадык. Муну Феликс Кулов, Аскар Салымбеков, Медетбек Керимкулов, ж.б. мэр аттуунун бири да ойлонбоду. Кыскасы, бардык мэрлер таштанды маселесинин деңгээлинен көтөрүлө албады.
Мэрдин креслосу шаардын кызыкчылыгы эмес, аясый кызыкчылыкка айланганда
Эгер Бишкек шаарына мэр болгон кишилердин бейнесине
үңүлсөң алар шаардыктардын кызыкчылыгына кызмат кылуу эмес, бийликтин кызыкчылыгы үчүн келгени оңой эле байкалат. Кайсы гана бийлик болбосун борбордун мэри бийликтин кишиси болуусу зарыл деген жобо Акаев мезгилинен бери жашап келет. Себеби жалпы республикалык шайлоодо Бишкек шаары тагдыр чечкен ролду ойнойт. Бишкек шаары аркылуу шайлоонун жыйынтыгын каалагандай бурмалап салууга болоору өткөн бийликтердин тушунда далай ырасталган. Ошондуктан да мэрдин кадыр-баркы таштанды чыгаруу, жол оңдоо аркылуу ченелип, борбордун чыныгы кадырбаркы унутта калган. Башкасын айтып курмандын башын айлантпай бир эле шаар ичиндеги коомдук транспортту алалы. Шаардыктар 25 жылдан бери кичи автобустарда тыгылып, башын эңкейтип каттап
келет. Учурда жолдо тыгынды жараткан да кичи автобустар. Сыягы бул чечилгис маселеге айланды. Жайдын аптабында ошол кенедей бустарда биринин колтугун бири жыттап бараткан жүргүнчүлөр шаар мэрине кантип ыраазы болсун? Эгер мэрия шаардыктарды талаптагыдай коомдук транспорт менен камсыз кыла албаса эмне үчүн жеке ишкерлерге чоң автобустарды алып келүүгө уруксат берип, аларга шарт түзүп бербейт. Эгер кичи автобустарга шаар ичинде жүргүнчү ташууга тыюу салып, чоң автобустарга уруксат берсе бул маселе алда качан эле чечилген болот эле. Азыр кыргыз ишкерлеринин арасында автобус эмес самолет атып алам деп акча көтөрүп жүргөндөрү бар. Же болбосо ошол
эле соода комплекстерин, кафе, ресторандарды салган олигархтарга сырткы келбетин улуттук оймочийме, калпак, боз үйдүн элесин чагылдырган, четтен келгендерди таң
калтырчу курулуштарды куруу милдетин жүктөсө болмок. Макул, ошонун ичинде ресторан, супермаркет, оюн залдары ж.б. болсун. Бирок кооз, ары көрктүү, шаардын чырайын чыгарып турсун. Эгер шаарда союз учурунда урулган кыргыз, орус драмтеатрлары, опера-балет, филармония, Тарых музейи сыяктуу имараттар болбогондо Бишкекти кыдырып көрө турган да эч нерсе жок экенин моюнга алуу зарыл.
Азыркысы алгачкылардан айырмаланабы?

23516_900Албек Ибраимов мэр болору дайын болгондон баштап бул кишиге коомчулук тарабынан көп деле жылуу сөздөр айтылбады. Алтурсун кээ бир жарандык коомдук өкүлдөрү «мындай шаарды жетектөө жактан даярдыгы жок киши өткөн авторитардык бийликтин тушунда да дайындалган эмес» деген пикир билдиришти. Грамматикалык жактан сабатсыз экени дароо коомчулукка угулду. Буга чейин кайсы жерде иштебесин коррупциялык чуудан арылган эмес экен. Ошого карабай шаар
депутаттары жапырт колдошту. Эми жаңы мэрдин программасына үңүлүп көрөлү. Биринчиси, бюджет саясатын күчөтүү, экинчиси, жолдорду оңдоо, андан ары парктарды көрктөндүрүү, шаарды жасалгалоо. Ошону менен бирге Кулматовдун ишин улантуу. Демек баягы эле таштанды көйгөйү башкы милдет болуп кала берет. Борбордун жетекчисин жалпы шаардыктар шайлоо менен чечсин деген да демилге болду. Бирок ал колдоого алынбады. Балким Бишкектин мэри шаардыктардан башка эч кимге көз каранды болбой дайындалса, шаар ичиндеги бардык коррупциялык схемаларды бузуп, 25 жылдан бери келе жаткан былык иштерди ачыкка чыгарып, шаардыктардын эсебинен жан багып жаткандарды жумуштан айдап чоң өзгөрүү жасайт беле деген ойго кетесиң. Себеби шаардагы башкаруу уюмдардын баары бир схема менен иштеп ошого каныгып бүткөн. Мэр жаңы дайындалганы менен олуттуу реформа жасамайынча эч кандай өзгөрүү болбойт. Бардык райондор акча жок деп шылтоо айтканга маш болуп бүткөн. Эгер Албек Ибраимов бюджет саясатын күчөткүсү келсе таза аардык жүздөгөн чиновниктерди кызматынан айдап, шаарды оңдойм деген таза кишилерден команда түзүүсү зарыл. Бирок буга бекем саясый эрк керек. Буга бир эле Албек Ибраимов эмес убагында Феликс Кулов, Борис Силаев, Аскар Салымбеков, Медетбек Керимкулов, ж.б. ондогон мэрлердин алы жетпей тескерисинче табакташ болууга аргасыз болушкан. Айрыкча менчиктештирүү башталгандан кийин дайындалган Өмүрбек Абакиров, Борис Силаев, Феликс Кулов, Медетбек Керимкулов сыяктуу мэрлердин тушунда не деген мүлктөр менчикке кетпеди. Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт демекчи, шаардыктар азыркы мэрден эмне күтөрү белгисиз. Алдыда президенттик шайлоо жакын. Ошондуктан мэрия жазда көрктөндүрүү, жайда сугаруу менен азыноолак жол оңдоо,
күздө кышка даярдык көрөбүз, салыкты өз убагында төлөгүлө деген көнүмүш чакырыктар менен күн өтө берет. Буга чейин деле ошондой болуп келген. Ал эми Эгемендүү Кыргызстандын ордосу болгон борбордун келечек тагдырын ойлогон улуу демилгелер азырынча чыкпайт шекилди. Бишкек шаары жылдан жылга тарып баратат. Жакында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Алматы мэрине акыркы кездеги салынган көп кабатту тамдар шаарга шамалды өткөрбөй, Тоо тараптан согуп турган муздак абаны тосуп жатканын айтып, ал тамдарды сүрүп салууга тапшырма берди. Ал эми Бишкекте шамал кайсы тараптан согот, тамдар кандай тартипте салына турганы боюнча эреже да,тартип да жок.

Келдибек НАЗИРОВ

Булак: “Жаңы Агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: