Парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда болушу ыктымалдыгын парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу четке кагып, ал боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун жообун журналисттерге таратты.
“Жогорку Кеңешти таркатууга эч кандай негиз жок. Андай демилге же сунуш да жок. Жогорку Кеңешти таркатуунун жол-жоболору Баш мыйзамыбызда так белгиленген”, – деген Дастан Жумабеков.
Эскерте кетсек, парламенттик шайлоо 2020-жылы күзүндө болот. 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин мөөнөтү ошондо бүтөт. Учурда парламентте алты фракция: КСДП, “Республика – Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Бир Бол”, “Өнүгүү – Прогресс”, “Ата Мекен” жана 120 депутат бар.
Жайнагүл ТАЛКАНБЕКОВА,
Булак:KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ