Menu

Манас Саматов, техника илимдеринин кандидаты: Кыргыз тилин үйрөнүү жөнүндө – биринчи икая!

Бөлүшүү:

Кыргыз тилин билүү деңгээлин кантип калыс өлчөйбүз? Кыргыз тилин өнүктүрүүнүн кандай жолдору бар? Адабий кыргыз тили деген түшүнүктүн өзөгү эмнеде? Кыргыз тилин  колдонуу мейкиндигин кеңейтүүнүн келечеги барбы? TOEFL тажрыйбасы. Тилчилердин эмес, калыс инженердин көз карашы менен ушул суроолорго жооп издөөгө аракет кылып көрөлү.

Кыргыз тили – өздөрүн кыргызмын же кыргыздын урпактарымын деп тааныган Ала-Тоо кыргыздарына, Эне-Сай кыргыздарына, Алтай кыргыздарына, Саха кыргыздарына, Хакас кыргыздарына, Башкырт кыргыздарына, Тыва кыргыздарына, Анжиян кыргыздарына, Кокон кыргыздарына, Самаркан кыргыздарына, Жыззак кыргыздарына, Кызыл-Суу, Керме-Тоо, Кашгар, Или, Лопнур, Тарбагатай, Шор, Фу-йүй кыргыздарына, Кара-Тегин, Жерге-Тал, Памир, Кыпчак, Шумер кыргыздарына таандык ар түрдүү диалекттердин сөз байлыктарын камтыган мааниде жана дүйнөлүк кең мейкиндикте өз ара баарлашуу куралы катары колдонулуп келген жалпы кыргыздардын тарыхый эне тили болуп эсептелинет.

Эне тилибизди заманга, доорго жараша эл-аралык илимий-техникалык терминдер менен, саясий, социалдык кубулуштарды, адам сапатынын жаңы ченемдерин чагылдырган жаңы сөздөр менен байытуу, өнүктүрүү динамикасын жемиштүү нукка буруп келечекти көздөй тынымсыз жүрүш жасап баруу керектигин дайыма көңүлдө тутканыбыз макул. Унутулган, четте калган диалекттер камтыган сөздөрдү, провинциалдык-колхоздук көз караш аркылуу бөлүп карап өгөйлөштүн ордуна, түгөнбөс тил булагы катары караган мамилеге, жаңы маңыздагы тил маданиятына  көчкөнүбүз, жаңы Кыргыз Улутун курууга (Nation-building) бет алганыбыз дурус. Тил – улуттун өзөгү. Ар бир айылдын, кыштактын тил өзгөчөлүктөрүн сактап калууга умтулганыбыз жакшы. Баарыбыздын тамырыбыз айылдарда, тоо-талааларыбызда. Ааламдагы ар бир кыргыздын тилин сыйлап, батырып, сиңирип кабыл алганга үйрөнүшүбүз керек. Ошондуктан адабий кыргыз тили деген түшүнүктү калыптанып бүткөн доомат катары кабыл алышыбыз туура эмес.

“Акцент” менен “диалект” деген түшүнүктөрдүн айырмасына акылы жетпеген, айылынан алыс чыкпаган “таза кыргыздар” менен да айрыкча узак иштөөгө туура келет. Кырдаал оор. Кыргыз тилине келгенде, кыргыз биримдигине келгенде көрүнгөндүн колун карап сатылбай, өкмөттөн айлык же четтен грант “аңдып” отурбай өз киндигибизди өзүбүз кескенге өтсөк.

Ааламда эл аралык тил катары таанылган англис тилин TOEFL (Test of English as a Foreign Language) аркылуу жайылтуудагы тажрыйбаны пайдаланып кыргыз тилин үйрөнүүнү бир калыпка салуу мүмкүнчүлүктөрүн чактап көрүү максатка ылайык болоору анык.

Айкөл Манастын тили, Эр-Төштүк, Эр-Солтоной, Эр-Табылды, Тайлак баатыр жана башка тарыхый эр-азаматтарыбыздын, дастандарыбыздын тили, улуу инсандарыбыз Чыңгыз  Айтматовдун, Алыкул Осмоновдун, Жеңи-Жоктун, Токтогулдун, Барпынын, Калыгул олуянын, Садыр акенин, Кыдыр акенин, Куйручуктун, Молдо Нияздын, Молдо Кылычтын, Тоголок Молдонун, Байдылда Сарногоевдин, Салижан Жигитовдун, Дооронбек Садырбаевдин, Рыспай Абдыкадыровдун, Иса Ахунбаевдин, Тагай  бийдин, Полот хандын, Курманжан датканын, Исхак Раззаковдун тили боло келип дүйнөлүк тарыхка, саясатка, маданиятка эбегейсиз чоң салым кошкон кыргыз тилинин кишинин асыл, күлүк ой-пикирлерин чагылдыруу, ашкерелөө, маектешке, окурманга жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү чексиз.  Азаттык радиосунун эмгек жамааты кылдаттык, чыгармачылык, чеберчилик менен өрчүтүп, англис, немис, орус тилдердеги маалымат булактарынан жемиштүү пайдаланып, колдонуп келе жаткан кыргыз тилинин бүгүнкү күндөгү таасирдүүлүгү буга дагы бир күбө. Замандаштарыбыз Эсенбай Нурушев, Нарын Айып, Муса Мураталиев, Тынчтыкбек Чоротегин, Жаңыл Жусупжан, Айнура Жекше кызы, Амирбек Аззам уулу, Төрөкул Дооров, Айданбек Акмат уулу, Шайлообек Дуйшеев, Илим Жанузаков, Кубат Касымбеков, Замира Кожобаева, Абдувахаб Мониев, Алым Токтомушев, Кубат Оторбаев, Кыяз Молдокасымов, Сабыр Абдумомунов, Жанарбек Акаев, Канымгүл Элкеева, Аида Касымалиева, Айзада Касымалиева  –  бүгүнкү жаңы адабий кыргыз тилинин жаңы усталары.

Атаганат, кыргыз тилине башка тилдерди каршы коюп, душмандык мамиле жасаган кыргыздар да жок эмес. “Кокуй, орус тили колдонуудан чыгып баратат” –  деп айгай салып, керт башынын кызыкчылыгын көздөп, жалданып, башка мамлекеттин төбөлдөрүнө кошомат кылып кээ бир академик, эл агартуу тармагын жетектеп келген профессор, элчи, орусчадан башка тилди үйрөнүүгө дарамети жетпеген саясый “лидер”, министр, статс-секретарь  сөрөйлөр кыргыз элинин тузун ичип, туз баштыгына заара ушатып жүрүшөт.

Кыргыз тилин бөлүп-жарып, кыргыз элин бөлүп-жарып, кемсинтип, шылдыңдап, чукчалардын, башка майда улуттардын тилдери сыяктуу кылып жоготууга багытталган советтик орусташтыруу саясатынын саркындыларынан арылып, эне тилибиздин келечегине жаңы өңүттө, жаңыча көз караш менен мамиле кыла турган учур келди. Коркуп, чоочулап, этияттанып отура берүү – жашоо эмес. Ичимдикке сугарылып, тукум курут болуп бараткан чукчалар бүгүн орус тилинен башка тилди билишпейт. Эне тилин билсе да сүйлөшкөндөн уялышат, кемсинип жашаганга моюн сунуу сезими жүрөктөрүн биротоло уялап алган – ушинтип улуттук деградациянын  барса-келбес жолуна түшүп калган. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, биз да “тырп этмейге” чейин жетип барып араң кайра тарттык. Айрымдарыбыз,  дагы эле ара жолдо турубуз. Эсибиз барда, биз да туура багыт албасак бовойт.

Тил тагдыры,  дил тагдыры – эл тагдыры. Билесиздер, кыйынмын, “шаардыкмын” деп тыңсынган бир ууч чала сабат “орус тилдүү” советтик мырк кыргыздар (пленники собственного комплекса неполноценности и ложного превосходства, последователи и приверженцы лицемерной, лживой идеологии эпохи советского мракобесия) үчүн да кыргыз тили жат тил болуп калган. “Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман”.

TOEFL – жат тилдүүлөрдүн англис тилин билүү деңгээлин аныктоо учун ченем жана тастыктоочу күбөлүк катары колдонулган тест.  Бул тестти тапшыруу – сынак, өзүнчө юридикалык күчкө ээ. Окуу жайларына тапшырууга, жумушка орношууга уруксат белгиси катары, башка айрым укуктарга ээ болуу менен коштолот. Бир жакшы жери – TOEFL  баардык кишилер үчүн бирдей, калыс, адилеттүү стандарттык эреже болуп эсептелинет. Ошону менен бирге ар кимдин коомдо өзү тандаган кесипке, кызмат ордуна умтулуу дымагына жараша тил билүү деңгээлин так аныктоочу курал катары эл аралык мейкиндикте ийгиликтүү өмүр сүрүп келе жатат.  Жаңылбасам TOEFLдин кыскача маани-маңызы ушундай.

Демократиялык эрежелердин алкагында, эне тилибизди өнүктүрүү боюнча белгилеген иш чаралар өзгөчө интеллектуалдык маңызда болсо деген тилек бар. Албетте, сунуштарыбыз кыргыз тилинин учурдагы абалына жараша болушу шарт экендиги талашсыз. Ошондуктан биз кыргыз тилин үйрөнүүдө кыргыздар менен жат тилдүүлөргө бирдей мамиле жасаганыбыз максаттуу, адилеттүү жана натыйжалуу болот деп ойлойбуз.

Кыргыз тилин биз Кыргыз Республикасынын баардык атуулдары үчүн ырыскы катары, ынтымактуулукту чыңдоонун, экономикабызды өнүктүрүүнүн пайдубалы жана куралы катары баалайбыз. Кыргызча эркин сүйлөгөн кишинин кызматтык карьерасы да, соодасы да, дегеле күнүмдүк турмушу да жеңил болоорун эч ким четке какпайт болуш керек.

Ирети менен өз пикирибизди ортого чыгаралы. Эки ачакей түшүнүүлөр болуп калбас үчүн айрым түшүнүктөрдү алдын ала тактап алганыбыз макул.

Кыргыз тилин билүү – бул өзүнчө, алгачкы жөнөкөй түшүнүк.

Кыргыз тилин билүү деңгээли – бул экинчи, негизги, өзөктүк түшүнүк.

Кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоочу тест – бул үчүнчү, жаңы түшүнүк.

Кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоочу тест боюнча сынак – бул өзүнчө юридикалык акт.

Кеңири колдонууга ыңгайлуу болуш үчүн жөнөкөйлөштүрүп Кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоочу тест (кыскартып КТБД) десек болчудай.

Кыргыз тилин билүү деңгээлин биз үч тепкичке бөлүүнү жетиштүү деп ойлойбуз.

Кыргыз тилин билүүнүн I деңгээли – кыргыз тилинде сүйлөшө билүү. Кыргыз Республикасынын баардык атуулдары үчүн ыктыярдуу үйрөнүү жана жөнөкөй өз ара баарлашууда, тейлөө секторунда колдонуу. Ошондой эле, мындай деңгээл мамлекеттик мекеме уюмдардын техникалык персоналына болгон талап катары белгиленгени жетишерлик болчудай.

Кыргыз тилин билүүнүн II деңгээли –  мамлекеттик кызматчылардын алгачкы катмарына болгон талап катары колдонуусу белгиленсе деген ой-тилек.

Кыргыз тилин билүүнүн III деңгээли – мамлекеттик кызматчылардын жетекчи катмарына, саясатчыларга болгон талап катары колдонуусу максатка ылайык – мамлекеттик бийлик бутактарынын, мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын бөлүм башчыларынан баштап президентке чейин.

Кыргыз тилине болгон мамиле коомдо баштан эле ушундай иреттелген мотивацияга таянган, туруктуу стандарт тесттерге негизделген, калыс электрондук ыкмалар менен аныктала турган жол менен барса өнүгүү жолуна алда качан түшкөн болоор эле. Бишкектин ар бир бурчунда кыргыз тилин үйрөтүүчү, таасирлүү, күчтүү менчик окутуу курстары ачылмак. Тилчилердин да мартабасы көтөрүлмөк . Саясий атаандаштык жана конкуренция өз милдеттерин аткармак. Шайлоолор кыргыз тили боюнча накта элдик сыноолорго айланмак. Мындай көз караш менен караганда такай дежур, күн карама, “байкуш” тилчилердин катышуусу менен өткөрүлүп келген президенттикке талапкерлерди кыргыз тили боюнча сыноо Акаев баштап кеткен саясий оюн экендиги токол эчкиге да түшүнүктүү. Мындай жасалма спектаклдин кыргыз тилинин өнүгүүсүнө эч кандай тиешеси жок. Ошондуктан бул сынакты уюштурууга каражат коротуунун деле мааниси жок. Талапкердин башында бирдеме болсо тилине чыгат – эл аны баалап өз алдынча тандап шайлап алат.

Артыкча бюрократиядан пайда жок. Мамлекеттик тил комиссиясы да “ашка жүк, башка жүк” түзүм. Мамлекет белгилүү өлчөмдөгү каражатты чектелген мөөнөткө “Кыргыз тилин билүү денгээлин аныктоочу тестти (КТБД)” иштеп чыгуу үчүн атайын уюштурулган Улуттук долбоорго бөлүштүргөнү максатка ылайык. Көчөдөгү илинген жарыялардын сапатын, мазмунун менчик котормочу фирмалар, ошол эле окутуу курстары лицензиялык негизде аткара берет. Бул жаатта либерал маркет экономикасынын механизмдерин кенен жана ийгиликтүү пайдаланса болот.

Келечектин көзү балдарыбыз үчүн ачык болсун десек, санарип технологиялардын үзүрүн көрөлү десек, биз, кыргыздар, эртедир-кечтир латын графикасына өтүшүбүз керек. Мындай кадам биздин ааламдык интеллектуалдык-маалымат дүйнөсүнө интеграциялашууга кенен жол ачат, сарамжалдуу канцелярия жүргүзүүгө шарт тузуп, күнүмдүк турмушубузду үнөмдүү, рационалдуу нукта уюштурууга көмөктөш болот. Билгисаяр – компьютерлерибиз да өздөрүн жеңил сезип калат. Дүйнө жүзүндө орустардан башка дээрлик эч ким колдонбогон кириллица бизге технологиялык тоскоол болуп келе жатат.

Өзгөчө белгилей кетели. Кыргыз Республикасында катталган эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү иш кагаздарын мамлекеттик тилде алып барышы шарт. Бул эл аралык салт. Бизге атайын даярданып келген кызматкерлер кыргызча аракет кылып келип  эле 2…3 айдан кийин кайра орусчага ооп кетишет. Анткени көпчүлүк уюмдардагы чечүүчү кызматтарды да эски-жаңы чиновниктердин кыргызча билбеген тууган-тууушкандары ээлеп алышкан.

Мындай илимий, методикалык, техникалык, коррупциялык кемчилдиктерден сырткары кыргыз тилинин өнүгүүсүнө тоскоол болуп келген негизги саясий, этикалык, психологиялык себептерди да ачык айтпасак “өлүм ашкере кылат” болуп калгыдай.

Биринчиси,  Акаев жеке өзүнүн утурумдук кызыкчылыктарын көздөп жүрүп отуруп, шайлоолордо добуш алыш учун орус тилине расмий макам берилишин жеке жарлыгы менен жарыялап туруп, “чөнтөк” парламенттен өткөрүп “мыйзамдаштырып”, жасалма референдум аркылуу Конституцияга кошуп, кыргыз элине таңуулап качып кетти. Кылымдардан бери кыргыз болуп келген элге  “кыргызстандык” – деп тилге жат, дилге жат ат коюп кетти. Ошондуктан орус тилинин көз боемочулук менен кабыл алынган расмий статусу мыйзамсыз!

Ушул эле кара-өзгөйлүктүн уландысы – кош жарандуулук жөнүндөгү “упчу эмизүүлөр”, орустарга жагынуу үчүн жасалган куру саясат. Көрдүк – кош жарандуулук уурулар үчүн жоопкерчиликтен качып кетүү амалы катары керек болгон экен.

Жеткен амалкөй саткынчылыктын дагы бир түрү –  латын графикасын кабыл алуууга бөгөт коюш үчүн уюштурулган, узак жылдарга созулган алаксытма талкуу-жомоктор. Өмүрүндө кыргызча бир сөз сүйлөп көрбөгөн келгиндилерге бул майдай жакты – долбоорго керектүү каражаттын көлөмүн апыртып көп көрсөтүп, латынча керек эмес деген мазмундагы орус пропагандасын жүргүзүп келишти.  Акаев ушинтип “легендарлуу” парламенттин латын графикасы тууралуу чечимин кылдаттык менен унутка чыгарып “бетондоп” кетти. Мындай, Россияга тымызын ыктамай кадамдарды Акаев бүгүнкү Маскөөдө ыңгайлуу шартта жашап жаткандыгы үчүн кыргыз элинин эсебинен империялык кожоюндарына төлөгөн аванс катары жасаган аракеттери болчу. Убакыт көрсөттү – Акаевтин демилгелеринин терс натыйжалары башыбызга түшкөн мүшкүл иш болду – ушул себептен кыргыздар менен башка этникалык топтордун ортосундагы ажырым кайра күчөп, ар кимиси өз билгенин жасап жүрүп отуруп ачыкталбаган араздашуу режиминдеги жашоого алып келди.

Мындай чыңалуунун жандырмагы бар – Кыргыз Республикасында кыргыз тили гана курама элдин башын бириктирүүчү руханий негиз, курал катары кызмат өтөй алат. Кыргыздар да, кыргыз эместер да тең укуктуу Кыргыз атуулдары катары кыстаган турмуштун ачуу-таттуусуна тике карай билиши керек. Орус тилине расмий макам берилиши өзбек улутундагыларга да өзбек тилине ушундай макам берүү талаптарынын чыгып келишине түздөн-түз түрткү болду. Ортодо тымызын, жылжытма эрегишүү процесстери башталды. Саясий чайкоочулуктар күч алды. Аягы эмне менен бүткөндүгү айтпаса да белгилүү…

Өкүнүчтүүсү – бул маселелерди жөнгө салуу эрежелери бугүнгө чейин иштелип чыга элек. Парламенттин, мамлекеттик кызматчылардын жалпы интеллектуалдык деңгээли өтө төмөн. Кокустан келип калган кишилердин катары арбын. Элдин чыныгы интеллектуал, эмгекчил, жарамталдуу, сыпайы жаштары айласыздан чет элдеп иштеп кеткенге мажбур болуп жүрүшөт. Түз адамдар үчүн бийлик бутактарынын баардык каалгалары жабык. Эскилер бийликти биротоло менчиктештирип алышакан. Болуп өткөн төңкөрүштөр – “Ак-Терек, Көк-Терек, бизден сизге ким керек” – деген эле оюндар болуп чыкты.  Эл эскилердин туткунунда. Элдин шайлоо укугу партиялардын чайкоочулук ыкмалар менен тизме түзүү акысы, өзүм билеминдиги жагына ооп кетти. Үй-бүлөлүк, кландык башкаруудан качып, партбосстордун тузагына барып кабылдык. “Аңгектен качсаң – дөңгөккө”. “Бизнес парламенттин” натыйжасыз ишмердүүлүгү аркылуу жеке кишилердин аты менен байланышкан “менчик партиялардын”, регионалдык, улуттук белгилерге таянып түзүлгөн реакциячыл партиялардын элге калыс кызмат кыла билүүсү күмөн экендиги ачыкка чыкты. Бизнес-долбоор катары түзүлгөн “козу-карын” партиялар пайда болду. Мыйзамдык чектен чыккан, акылга сыйбаган учурлар орун алды – ачыктан-ачык чет мамлекеттин партиялары каржылаган чыккынчы, экстремисттик, “кыргыздардан калкалайбыз” деген, жат тилдүү,  дооматчыл партиялар пайда болду. Жат өлкөнүн партияларына аты-заты уйкаш, кожоюндары тарапка карап сыйынган партиялар түзүлдү. Жакынкы келечекте таза, акыйкаттуу, адилеттүү шайлоолор, референдумдар өткөрүүнүн жаңы, калыс эрежелерин түптөөгө бул парламенттин дарамети, биримдиги  жетпейт.

Эл, тарых, экинчи “легендарлуу”, чыныгы элдик парламентке муктаж болуп турат. 1993 – жылдагы кабыл алынган Баш мыйзамдын элеси, негизги өзөгү айланчыктап эле элдин көңүлүнөн түнөк тапкан бойдон келе жатат… Чыныгы революция, толук кандуу реформалар алдыда көрүнөт? Жасалма, косметикалык алаксытма реформаларга эл, айрыкча жаштар, эми алымсынбайт. Эл бийлик менен эриш-аркак болуп токулган коррупциянын тамырын кырка турган, кескин реформаларды чыдамсыздык менен күтүп турат…

Акаевдин “бергенин алып, добушуңарды башка каалаганга бере бергиле” деген таризде көрсөтмө бере жаңылыш сүйлөп, акыйкаттан тайган күндөн тарта ал кишиден оомат кача баштаган. Дилиндеги арам ой тилине чыгып кеткен. Хан мүдүрүлсө – эли кошо мүдүрүлөт. Президенти эки ача сүйлөгөн элдин эч качан иши жүрүшпөйт. Тарыхый акыйкатты белгилей  кетели, ошол сөздү айткан күнгө чейин Акаев татыктуу президент катары иш тутуп келген болчу, сыймыктанчубуз, чын көңүлдөн колдочубуз. Ошондуктан, өчпөс үмүт менен кыргыз эли Акаевге дагы көпкө чыдап келди. Ошондо, “албагыла, арам оокат эч кимге, эч качан ырыскы болбойт” деп койсо эле, аттиң, бүгүнкү аянычтуу кейпибизге кептелбейт белек…???

Акаев негиздеп кеткен дагы бир артыкбаш, жасакерликтин уюгу болгон бюрократиялык тузүм бар. Дежур кыргыз баш болуп, башка этникалык топтордун бай кишилеринен куралган жасалма Элдер ассамблеясы баштан эле ыплас шайлоолор куралына жана күмөндүү бизнес-клубка айланып кеткен. Чыгымдарынын баары тең баягы эле карапайым элдин, бюджеттин эсебинен. Бул Ассамблеянын Баш мыйзамга  да адашып түшүп калышы кландык саясий эки жүздүүлүктүн, көз боемочулуктун чектен чыгып кеткендигинин далили.

Экинчиси, орусташып кеткен ээрчиме кыргыздардын келечекти көрө билбегендиги, учурдун өнүгүү багытын сезе билбегендиги. Кала берсе балдарына да туура багыт, тарбия бере албай алардын да келечегине балта чаап жаткандыктарын түшүнбөгөндүгү. “Орус мектептеринде окутуу сапаты жогору” деген советтик жомок-пропаганданын кучагынан чыга албай балдарын орус мектептерге берип, өз балдарынын дагы башын айландыргандыгы. Башка тилдерден айырмаланып кыргыз тилинде (жана жалпы урал-алтай тилдеринде) өзүнө таандык сүйлөм түзүлүшү бар. Демек башкача ой жүгүртүү өзгөчөлүктөрү бар. Кыргыздардын жогору интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрүнүн сыры ушул жерде катылган. Бөбөктөрдү, жеткинчектерди бул баалуу ата-мурастан ажыратуу акылсыздык. Эне тилин жакшы билген улан-кыздарыбыздын башка тилдерди да өтө тез жана тың өздөштүрүү жөндөмү күчтүү экендигин турмуш көрсөтүп келе жатат.

Үчүнчүсү, орус тилдүү кишилердин кыргыз тилине, демек кыргыз элине болгон тоотпостук, карасанатайлык  мамилеси,  советтик империянын үстөмдүгү кайра келет деген орундалбас үмүт менен жашап келүүсү. Биле жүрөлү – Россия империясы да ыдырайт… Де-факто орус тили эл аралык тил болуп эсептелбейт – Россиянын сыртында, Бишкекти кошпогондо, дээрлик эч ким колдонбойт.

Төртүнчүсү, кыргыз тилин жайылтууга каршы түздөн-түз жана кыйыр түрдө жергиликтүү,  көчүгүн кыргыз калпагы менен таптаган сауначыл ургаачы улутчулдар тарабынан уюштурулган, кремлдик империялык режимден колдоо таап келген электрондук маалымат согушу. Жаалданган, ажылдаган орус тилдүү ОБОНчулар, квотачыл, грантчыл, аралаш укук бузуучулар армиясы алардын “куурчак” жактоочулары. Кыргыз тили жоголуп бараткан тилдерге кирет деген психологиялык таасир берүүчү идеологиялык жомоктордун атайын таркатылышы, жалданма, кара-өзгөй эксперт сөрөйлөрдүн көк мээлеринен чыккан кара-максат ушактар.

Бешинчиси, жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген айрым жетекчилердин, кээ бир депутаттардын сабатсыздыгынан улам келип чыккан кайдыгерлиги, суу жүрөктүгү, кыргыз тилин, “ит мүлжүгөн ашыктай” кылып, таза сүйлөй албагандыгы.

Мындай тоскоолдуктарды кантип аттап өтсө болот?

Жооп, жалпы ачкыч-формула өтө жөнөкөй – Кыргыз Республикасынын атуулдарынын 75 % түзгөн кыргыз элинин төлөгөн салыктарынын эсебинен маяна алып жан баккан мамлекеттик кызматтагылар кыргыз элин кыргыз тилинде сүйлөп тейлөөгө милдеттүү!!!

Мамлекеттик кызматтарга кыргыз тилин билбеген кыргыздарды жумушка алууну тык токтотуш – ачуу, аянычтуу кадам, бирок адилеттүү алгачкы шарт. Башка этникалык топтордун өкүлдөрү да мамлекеттик кызматтарга баргысы келсе, акырындап кыргыз тилин үйрөнүүгө аракет кылышы керек. Кылдан кыйым издеп, методикалык колдонмолор жок, мамлекет бизге шарт түзүп берсин деп доомат кылгандар, кыргыз тилин үйрөнгүсү келбегендер – жүрө берсин башка тилде сүйлөп – бул алардын эрки. Кең пейил кыргыз эли алардын тилине кийлигишпейт. Алардын да биздин, өзүбүздүн тил көйгөлөрүбүздү чечүүгө болгон ич-ара аракеттерибизге кыпчылып каршылык көрсөтүүгө, же акыл үйрөтүп агалык кылууга эч кандай укуктары жок. Кыргыз элине карата зордук-зомбулук көрсөтүүнүн комунно-доордон калган мындай ыкмаларын, жаңы жоруктарын биз эч качан кабыл албайбыз!!! Кызык, президент болот элем деген талпынчактардын ичинде кыргыз тилин колдоп, коргоп, чечкиндүү кадамдарды жасоого дарамети, эрки жетке турган инсандар бар болду бекен???

Кыргызча билбеген, же билип туруп, өлүмүш болуп, же бой көтөрүп ( Ак, Боз, Көк үйлөрдөгу “секретаршалардын”, болоор-болбос кызматтардагы жүгүртөк улан-кыздардын, “колхоздон” эми эле түшкөн официант кыздардын, балдары, неберелери менен орусча сүйлөшкөн “чала молдо” чалы-кемпирлердин ооруусу – баарынын деңгээли бир) кыргызча сүйлөбөгөн кыргыздардын да, эне тилибиз жөнүндө сөз козгоп, ички иштерибизге кийлигишүүсү – душмандыктын өзөктөн чыккан, акылга сыйбаган жапайы, маңкурттук түрү.

Биз, кыргыздар, бизге карата ниети бузук, тымызын душмандык аракеттерин токтотпогон кишилер үчүн, Акаев түптөп, Бакиев пайдаланып кеткен, бийликтин кызыкчылыктары үчүн гана курулган, криминалдашкан “жалпы үйдү” жыгып, саясий, руханий талааны тазалашыбыз шарт. Анын ордуна баардык этнотопторду кыргыз тилинин, кең пейил кыргыз дилинин касиеттери аркылуу боорубузга тартып, Манас атабыздын жолун жолдоп, Кыргыз атуулдары аттуу бир туугандардан куралган, чыныгы интернационалдык, ынтымактуу үй-бүлөнү – жаңы, баардык атуулдарын тең, калыс тейлей билген кубаттуу Кыргыз Улусун (State-building, өлкөсүн, мамлекетин) куруу милдетин, жоопкерчилигин өз мойнубузга алышыбыз зарыл.

Тил билмек – ырыскы, көп тил билмек – берекелүү ырыскы. Биз, кыргыздар, англис, немис, кытай, жапон, корей, фарс, түрк, арап, орус тилдерин эң мыкты даражада өздөштүрө берүүнү – ырыскыбызды байытууга болгон аракеттерибизди уланта беребиз. Бирок, ар бирибиз үчүн эне тилибизди бийик даражага коюп, өзгөчө терең билишибиз зарылчылыгы ыйык милдет, табигый талап – бул кыргыз элине, жалпы Кыргыз атуулдарына, Кыргыз Республикасына таза, ак дил, адал кызмат өтөөнүн биринчи шарты. Кошулгула бизге!!!

Сөз кезеги тилчилерде…   Анан – экинчи икая…

Чын ыкластан,

Манас Саматов, инженер-механик, техника илимдеринин кандидаты

2012-жыл

                             

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: