Menu

Өзбекстан атом энергиясын тынч максатта пайдаланат

Бөлүшүү:

Өзбекстанда “Атом энергиясын тынч максатта пайдалануу тууралуу” мыйзам кабыл алынды.

Мыйзамга ылайык, өзөктүк курал жана башка өзөктүк жардыруучу заттарды чыгарууга тыюу салынат.

Документ жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.

2017-жылы декабрда Орусиянын мамлекеттик «Ростатом» корпорациясы менен өзбек өкмөтү жарандык атом энергетикасы тармагында кызматташуу жөнүндө келишимге кол койгон. 2018-жылы Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен атом энергетикасын өнүктүрүү максатында «Узатом» агенттиги түзүлгөн. Ушул жылдын аягында Өзбекстанда атомдук станция куруу тууралуу Шавкат Мирзиёев Орусия менен макулдашкан.

Долбоорго ылайык, “3+” муунундагы, 1,2 гигаватт кубаттуулуктагы эки энергоблокту 2028-жылга чейин куруу пландаштырылып жатат.

2018-жылы октябрда Орусия президенти Владимир Путин менен Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Ташкентте видео байланыш аркылуу атомдук электр станциясынын курулушуна символикалуу түрдө старт берген.

Станциялар Жизак жана Навои облустарында салынары айтылган.

Өзбекстан урандын запасы боюнча дүйнөдө жетинчи орунда турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: