Menu

Ак терек, көк терек, Текебаев кимге керек?

Бөлүшүү:

Текебаев соодалашууга астыртан жол ачкандай болду. Ал реалдуу саясий күчтөр менен да, бийлик менен да кызматташууга даярдыгын билдирди. Мунусу менен “мага “куда” түшө берсеңер болот” дегенсиди.

Аны менен катар өкмөттүн президенттин, парламенттин катачылыгын “көзгө сайгандай айтып тураарын” белгиледи. А мунусу “абайлабасаңар абийириңерди төгөм” деген ишаараттай эле кабылданды. Бирок эксперттер Текебаевдин саясаттан мурдагыдай орун ала албашын эмитеден эле айтып жатышат. Парламенттеги “кан досу” Жылдызкан Жолдошова болсо Текебаевди “бийликти көргө жетелейт” деди. Ал Атамбаев 2012-жылы парламенттик көпчүлүк коалициядан “Ата Журтту” чыгарып, “Ата Мекенди” киргизүү менен өзүнө өзү өкүм чыгарганын билдирди. “Атамбаевге душмандар жаныңызда, Текебаев сизди көргө жетелейт” дегем. Мен ушул эле сөздү учурдагы президентке айткым келет”, – деди Жылдызкан Жолдошова.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 21 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: