Украина чемпиону Виктор Земцев Өзбекстандын Триатлон федерациясынын курама командасынын машыктыруучусу болуп дайындалды. Федерацияны Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин кенже күйөө баласы Отабек Умаров жетектейт.
Олимпиада комитетинин маалыматына караганда, триатлон боюнча дүйнө чемпиону, 45 жаштагы Земцев Францияда өзбек спортчуларын 15-августтан 8-сентябрга чейин машыктырууга үлгүрдү. Бирок ал курама команда али түзүлө электигин билдирди.
Отабек Умаров Өзбекстан Триатлон федерациясынын жетекчиси болуп быйыл 7-мартта шайланган.
Июлда Гүлнара Каримовага тиешелүү Ташкент облусундагы «Сижжак» эс алуу жайы Өзбекстан Триатлон федерациясына берилгени кабарланган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ