Menu

Оор кылмышты калкалаган милициялардын “крышасы” вице-премьер-министр Жеңиш Разаков беле?

Бөлүшүү:

Биз ушунчалык жоопкерчиликсиз заманда жашап жатканыбызды дагы бир ирет фактылар менен далилдейли.

28-августта Бишкек шаарынын Жал кичирайонунда мыкаачылар оор кылмыш ишине кириптер болушкан. Кыргызстан дүңгүрөдү. Таңгалычтуусу, айбан сымал зөөкүрлөрдү жашырып-жапкан милиция кызматынын жетекчилери жоопкерчиликке тартылышкан жок. Коомчулукта болсо дагы эле кыжырдануу күч. Эмесе, кеп башынан болсун.

Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков бейкүнөө эки жигитти аёосуз тепкилегени, бирок дароо жазаланбай эркиндикте жүрүшүп, качан гана коомчулук түп көтөрүлгөндө милиция издөө жарыялаган. Эгерде эки зөөкүр тогуз күндөн кийин өздөрү Бишкек ШИИБге келишпегенде дагы эле чуру-чуу түшүп жатмакпыз да. Эмне үчүн шектүү жетекчилер жоопкерчиликке тартылбайт эй?! Маселен, Ленин РИИБнин башчысы Мадияр Кулуев, кылмыш болгон аймактагы ГОМдун начальниги Руслан Разаков (вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун иниси) ордуларынан козголуп да коюшкан жок. Ал эми милициянын катардагы буйрук аткарган кызматкерлери камалышып, үй камагына алынышканы маалым. Кызык, Кулуев менен Разаков шалаакылык кылышканын, оор кылмышты жашырышканын моюндарына алышпайбы? Кеп бул жерде “кой терисин жамынган карышкырларда” болуп жатканы, адатта, ошол мыкаачылардан да кооптуу экени логикага туура келип атабы? Эгерде коомчулук козголбосо, булар кабагым-кашым (!) дебестен өлгөндүн үстүнө көмгөн кылышып, убалдан коркпой отурушмак экен да, туурабы? Дал ушундай теңсиздиктен кийин милицияга ишеним кайдан жаралмак эле?

Бул чуулуу окуяны премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев, министр Кашкар Жунушалиев көзөмөлгө алышканын жарыялашкан. Бирок, “кол ийрисине тартып”, быягынан былыктары чыгып атпайбы. Күч органдарын тейлеген вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун иниси Руслан Разаковдон “жыландын башы” кылтыйды го? “Иттин өлүгү кайда көмүлгөнүн” билдиңерби? “Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок” деген кеп бекер айтылбаптыр да…

Акын Бекчороев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: