Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жол маселеси менен элдер митингге чыккан. Ак-Талаа –Кум-Дөбө жолу боюнча элдер 80-жылы төгүлөн шагылды гана жаңылап төгүп берүүнү суранышууда. Бул маселени Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында А.Баатырбеков көтөрүп чыкты.
“Нарын облусунун территориясы боюнча Кыргызстандын төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Ошондуктан Нарын элинин көйгөйү бир эле, ал жактагы райондордогу айыл аралык жолдорду шагыл төгүп таптоо гана. Азыркы учурда туризимди өнүктүрөбүз дегенибиз менен ушул жолдун азабынан ал жака келген туристтердин саны азайып бара жатат. Мисалга алсак “Орток” , “Эки Нарын”, “Бугу” комплексин алсак ал жака бара жаткан жолдун азабынан тышкаары көпүрөлөр коркунучтуу абалга келип калган. Ал эми жергиликтүу ишкерлер, жергиликтүу колунда бар адамдар ушул көпүрөлөрдү өздөрү эле оңдоп койолу десе лицензия алыш керек деген маселе менен токтоп калып жатышат, ушул маселени карап чечип бергиле”-деди депутат Алмазбек Баатырбеков.
Булак:KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ