Menu

Нур-Султанда турак-жайга муктаж жаран көпүрөдөн секирүүгө аракет кылды

Бөлүшүү:

12-сентябрда Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында турак-жай маселеси чечилбегенине нааразылык билдирген жергиликтүү тургун көпүрөдөн секирүүгө аракет кылды.

Ал он метр бийиктиктеги автоунаалар өтчү көпүрөдө бир саатка жакын тургандан кийин куткаруучулар тарабынан жерге түшүрүлдү.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, шаар тургуну алгач аким менен жолугушууну талап кылган. Бирок ал жерге акимдин орун басары Елнур Бейсенбаев барып, ага турак-жай маселеси чечиле турганын убадалады.

Өз жанын кыюуга аракет кылган адам менен сүйлөшкөн психолог Гулим Жамиева анын «акыл-эси ордунда» экенин белгиледи. «Ал туугандарын, өз өмүрүн баалайт. Болгону бийликке үнүн жеткирүүнү каалаган», — деди психолог.

Окуя болгон жерге барган полиция кызматкерлери куткарылган адамды автоунаага салып кетишти. Баш калаанын Есил райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Мадияр Айтугановдун айтымында, «профилактикалык сүйлөшүүлөрдөн кийин» ага карата Административдик укук бузуулар кодексине ылайык тиешелүү чара көрүлөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: