Menu

Алматы шаардык соту Дамирбек Асылбек уулунун доо арызын карай баштады

Бөлүшүү:

12-сентябрда Казакстандагы Алматы шаардык сотунда Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун доо арызы карала баштады. Аны соттун төмөнкү инстанциясы 12 жылга эркинен ажыраткан.

Экс-депутатка «чек арадагы аткезчилик менен алектенген» жана «эл аралык уюшкан кылмыштуу топко катышы болгон» деген айып коюлган. Дамирбек Асылбек уулу күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Бул кылмыш ишинин негизинде жалпысынан 12 киши соттолгон. Алматы шаардык соттунун процесс өтүп жаткан залына айыпталуучулардын адвокаттары менен кыргызстандык экс-депутатты колдоп барган бир нече адам гана киргизилди.

Былтыр февралда Казакстандын күч түзүмдөрү атайын операция жүргүзүшкөн. Анын алкагында Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты менен кошо Кыргызстандын дагы эки жараны – Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров кармалган.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 16-апрелде ажыраткан. 37 жаштагы депутат «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: