Menu

Азимбек Бекназаров, саясий ишмер: “Азыркы күндө, Атамбаев миллиардер болсо, парламентке келген партиянын лидерлери миллионер болушту”

Бөлүшүү:

– Азимбек Анаркулович, ушул жуманын алтынчы күнү Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү менен президент Жээнбеков жолугат экен деген сөздөр айтылууда. Бул жолугушуунун себебин эмнеден көрөсүз? Жолугушуу идеясы ким тараптан болуп жатат…

– Мен билгенден Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү менен жолугушуу президент Жээнбеков тарабынан көтөрүлүп жатат. Анткени, мага бул жолугушуу туурасында президенттин аппарат башчысы Досалы Эсеналиев телефон аркылуу президент Сооронбай Шариповичтин жолугушуу ниети бар экенин айтты. “Сизди да чакырып жатат!” – деп кабарлады. Буга чейин деле президент Жээнбеков өлкөбүздүн Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагалары, Өкмөт башчылары менен кезек-кезеги менен жолугушканы белгилүү да. Өлкөдөгү саясый абал, экономика туурасында сөз кылып жатышпайбы. Балким, ошондой жолугушуулардын бири болсо керек. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү, кечээги эле үзөңгүлөш коллегаларым менен жолугуп сүйлөшөйүн деген ойлору бардыр.

– Эмне үчүн Сиз сөз кылып жаткан Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болгон Атамбаев Кой-Таштагы өзүнүн резиденциясында жатып алып, республикабыздын тагдырына коркунуч туудуруп жаткан кезде президент Жээнбеков Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн чакырып, эмне кылабыз деп кеңешип, ушул суроону койгон эмес?

– Эң туура суроо. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү болгон Текебаев менен Чотоновдун Атамбаевдин кысымы менен саясый куугунтукталганы боюнча маселе менен камалып жатканы боюнча маселеси көтөрүлүп жатат, ушулар туурасында оюңарды билейин. Убактылуу Өкмөттүн белдүү мүчөсү болгон Атамбаевдин бийликке баш ийбей, тергөөгө күбө катары келбей жатканы боюнча, Улуттук Курултайда Атамбаевге бийликти жеке кызыкчылыгы боюнча узурпация кылган деген чечим кабыл алынган. Атамбаев боюнча кылмыш иши козголуп жатат буга кандай карайсыздар деп мурдараак бизден сурап, кеңешип койсо да болмок. Бул суроо менен толук макулмун.

– Азике, ушул жолугушууда Текебаев менен Чотоновду толук актоо маселеси да көтөрүлүшү мүмкүн деген сөздөр айтылууда. Ушул сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?

– Анда жеке маселе болуп калат. Бардык саясий туткундар, анын ичинде Чотонов, Текебаев жөнүндө сөз болсо туура болот. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү болгон эки адамы туурасында маселе көтөргөн болбой калат. Атамбаев президент болуп турган кездеги бардык саясый туткундар: Д. Сарыгулов, Б. Асанов, Б. Талгарбеков.А. Келдибеков, К. Кадыров, С. Жапаров ж. б. туурасында айтылса башка кеп. Саясый көз карашы боюнча камалгандардын баары боюнча сөз айтылса мен колдойм. Мен өзүм, бардык саясый тутукундар боюнча маселени президенттин алдында көтөрөм.

– Буга чейин, сиздер жолугушканда эмне үчүндүр абактан жакында гана чыккан Текебаев менен Чотонов болуп жолугушкан экенсиздер. Топчубек Тургуналиев менен Иса Өмүркуловду чакырбай коюшканы кызык болууда. Эмне тандоо боюнча чакырылып жатабы?

– Жок. Абактан чыккан Текебаев, Чотоновду кыргыздын салты боюнча, башын куттуктап коёлу деп жолугуштук. Биз чогулган жыйынга Тургуналиев менен Өмүркулов чакырылбай калыптыр. Ал болуп өттү. Мен алардан сурадым, эмне үчүн экөө жок деп сурадым. Ал эми уюштурган адамдар аларды атайын эле чакырбай коюшуптур. Ичим курт дей түштү. Менин оюмча ал экөөнүн чакырылбай калганы туура эмес. Менимче президент деле баарын чакырат го. Баарын эле чакырып жатабыз деген маалымат бар.

– Азике, сиз Кыргызстанга башы көрүнгөн саясатчы, башкы прокурор болгон адамсыз! Мына, абактан жаңы эле чыккан Текебаев менен Чотоновдун президент менен жолугушуусу эл арасында терс кабыл алынбайбы. Али, алар толук актала элек да. Туурабы? Бул жолугушуу президент Жээнбековдун кадырын түшүрө турган жолугушуу болуп калбайбы?

– Албетте, талаш-тартышты жарата турган маселе. Элибиздин алдында көп талаш-тартышты жаратат деген ойдомун.

– Эмне үчүн андай ойлойсуз?

– Анткени, бул демилге биз тараптан эмес, президент тараптан болуп жатат. Президенттин айланасындагылар, бирөөлөр менен жолугушар алдында аяк-быягын карап, коомчулукта ушул жолугушуудан кийин жаман пикирлер жаралып кетпейби деп жети өлчөп, анан бир чечимге келиши керек эле.

– Мындай болгон күндө Бектур Асановду деле кошсо болмок. Анткени, ал деле губернатор болгон да. Азабын ошол Бектур көбүрөөк жеди го. 

– Бектур Асанов деле Сооронбай Жээнбековдой губернатору болгону чын. Бирок ал Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болгон эмес. Бул коомдо чоң талаш-тартышты жарата турган жолугушуу болот. Буга президенттин айланасындагылар, кеңешчилери жооп бериши керек. Биз чакырылган адамбыз, биз кимдин барышын аныктаган жокпуз. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү чогуу баратабыз.

– Азимбек аке, сиз резиденцияга чай ичип, казы-карта чайнап тынч отуруп келе бере турган адам эмессиз да туурабы? Президентке айта турган сөздөрүңүздү камдап койгондурсуз?

– Мен жеке маселени койбоймун. Ал канткен күндө да мамлекет башчысы эмеспи. Кыргыз улутунун келечеги, улутубуздун эртеңки күнү туурасындагы тагдыр чече турган суроолорум абдан көп. Аны сөзсүз айтам. Улутчул, мекенчил күчтөрдүн курултайынын чечимдери бар. Негизги маселелер аткарылган жок. Мисалы, Конституциялык реформа жылган жок. Биз көтөргөн элдик реформа жөнүндөгү мыйзам каралбай Жогорку Кеңеште жатат. Кумтөр маселесин парламенттеги депутаттар да, Өкмөт да көтөргөн жок. Эскиче иштеп жатышат. Андан да бүткүл кен байлыктарда биздин үлүштөр жокко эсе. Канча үлүшүбүз бар экени белгисиз. Чет өлкөлүктөр четинен казып кетип жатышат, ошол эле учурда экономикалык абалыбыз өтө начар абалда. Чет өлкөлуктөр кен-байлыктарыбызды талап-тоноп кетишуүдө. Бүгүн, шайлоо системасынын кесепетинен коммерция менен бизнес саясатка аралашса, саясатчылар менен бизнесмендер аралашып кетти. Мен ушул маселелерди президентке коём. Буларды тезинен ажырат, бөл деп айтам. Саясатчыларды коммерсанттар түзөт. Шайлоо системасын тезинен бузуш керек. Эгер ушуларды айтууга президент мага мүмкүнчүлүк берсе, Текебаевден башка дагы саясый туткундардын тагдыры туурасында сөз кылам.

– Азимбек аке, сиз бир канча ирет Аксы жергесинен Жогорку Кеңештин депутаты болуп келгенсиз. Өз шайлоочуларыңыз боюнча тикеден-тике туруп берет элеңиз. Азыр шайлоочулар, жалпы элибиз өз депутаттарын тааныбайт эмеспи…

– Партиялык тизме менен үч ирет шайлоо болду. Мен эмнени байкадым. Жогорку Кеңешке келген партиянын лидерлеринин баарысы өтө байыды. Азыркы күндө, Атамбаев миллиардер болсо, парламентке келген партиянын лидерлери миллионер болушту. Социалисттик идеяны колдоп, ураан кылып келген партиянын лидерлеринин жанында коррупциялык иштери боюнча кылмыш кылып коюп, убагында качып жүргөн адамдар депутат болуп отурат. Баарысы аралашып, кашасы чыгып кетти. Партияны өнүктүрбөй эле өлтүрүштү. Ошолордон мамлекетибизге эмне пайда? Жок! Ошол эле “Бир-Бол”, “Ата-Мекен, “Республика-Ата-Журтту” карагыла. “Кыргызстан” партиясында кечээ эле арак менен байыган адамдар жүрөт. Президент ушул шайлоо системасын колдогон адамдарды коомдон тазалаш керек. Коммерсант, бизнесмендер саясатка аралашкандан бери эгемендүүлүк, көз карандысыздык өлдү.

Маектешкен Муктар Жаркулов

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: